Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Көйнөкчөн окуучулардын жанындагы пальточон аткаминерлердин сүрөтү талкуу жаратты


Иш-чара учурунда тартылган сүрөт.
Иш-чара учурунда тартылган сүрөт.

Окуучуларды расмий иш-чаралардын ачылышына катыштырбоо маселеси кайрадан талкуу жаратты. 26-февралда Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева “Фейсбуктагы” жеке баракчасы аркылуу билдиргенине караганда, кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, мындан ары окуучуларды андай иш-чараларга тартпоо буйругу берилди.

25-февралда Бишкекте муниципалдык бала бакчанын ачылышы болгон. Иш-чарада улуттук жука көйнөкчөн окуучу кыздардын жана алардын жанында жылуу кийинип турган аткаминерлердин сүрөтүнө социалдык түйүндөрдө сын айтылып, кыштын күнүндө сыртта жеңил кийинип турган кыздардын ден соолугуна кабатыр болушкан.

Чыныбаева кыздар имараттын ичинде, жылууда турушканын, болгону иш-чара башталганда гана бир нече мүнөткө чыгышканын, эч кимге суук тийбегенин жазып, сын жүйөлүү экенин белгиледи.

Окуучуларды расмий иш-чараларда, жетекчилер аймактарды кыдырганда гүл же желек карматып тизип койгондо кээ бирлери эсин жоготуп жыгылган учурлар болгон. Ошондон кийин андай тажрыйбаны токтотуу тууралуу буйруктар берилген.

Соңку бир нече күндөн бери Бишкекте кар жаап, аба ырайы суук болууда.(RK)

XS
SM
MD
LG