Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Ошто экстремизмге шектелип эки адам кармалды


Экстремизмге шектелип кармалгандардын буюмдарын тинтүү учуру (Иллюстрациялык сүрөт).
Экстремизмге шектелип кармалгандардын буюмдарын тинтүү учуру (Иллюстрациялык сүрөт).

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) кызматкерлери «Умар аль Форук» жана «Абдуллох» деген каймана аты бар эки адамды кармашты. Бул тууралуу ШИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков "Азаттыкка" маалымдады. Шектелгендер бир нече айдан берки жыйналган маалыматтардын негизинде кармалышты.

"Ноокат районунун 25 жаштагы тургуну Б.М (өз чөйрөсүндөгү каймана аты «Абдуллох»), Кара-Суу районунун 17 жаштагы И.Ф. (өз чөйрөсүндөгү каймана аты «Умар аль Форук») кармалып, убактылуу жайга киргизилди. Алар интернет тармактары аркылуу диний-экстремисттик жана террордук уюмдарга көмөктөшүп, бул уюмдарга таандык болгон, жарандардын тынчтыгына, Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азия аймагындагы мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч келтирген үгүт маалыматтарды таратып турушкан.

Шектүүлөр Интернеттеги «Whats App», «You Tube», «Telegramm», «Facebook» социалдык баракчаларын пайдаланышкан. Шектүү И.Ф. 300гө чакын мыйзамсыз чакырыктарды интернетке жарыялаган, ал эми Б.М. миңге жакын чакырык, видео-аудио кайрылууларды интернетте каймана аты менен жарыялап турганы аныкталды," - деди Сыдыков.

Булар түрдүү фейк аккаунттар менен ачкан баракчалардын баары жабылып, шектүүлөргө таандык компьютердик жабдуулар алынган. Шектүүлөр Ош ШИИБнин убактылуу камоочу жайына киргизилди. Алардын үстүнөн Кылмыш кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Учурда милиция алардын чет өлкөлөрдө террордук уюмдардын катарында жүргөн адамдар менен байланышы бар-жоктугун, каржылык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп жатат. (ZKo/MrA)

Дагы караңыз

XS
SM
MD
LG