Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Дин комиссиясы: Ажылык сапардын акчасы боюнча арыздар 1,5 жыл мурда түшө баштаган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ажылык сапарга баруу үчүн тапшырган акчасын кайра ала албай жүргөндөрдөн арыз-даттануулар 1,5 жыл мурда түшө баштаган. Бул тууралуу 26-февралда “Азаттыктын” эфиринде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Кубанычбек Абакиров билдирди.

Ал коронавирус пандемиясына байланыштуу ажылык сапар токтотулгандан кийин акчасын кайтарып алууну каалагандарга Муфтият шарт койгонун айтты:

“1,5 жылдан бери кайрылып жүрүшөт. Бир нече жолу муфтиятка да кат жибергенбиз. Акчасын тапшыргандар баары эле бир жыл күтпөйт да. Кайра керектеп калышы мүмкүн. Муфтият “Эгер акчаны кайра алсаңар ажылык тизмесинен силерди чыгарып салабыз” деген талап коюлуптур. Бул коркутуу сыяктуу. Балким муфтият кызматкерлердин бир жылдык айлыгын алып калуу деген жакшы ою болгондур. Бирок биринчи кезекте бул жарандардын акчасы. Алар бердиби, кайра сураганда ошол замат эч кандай шарт койбой эле берип койсо бул маселе көтөрүлбөй калмак”.

Дин комиссиясынын өкүлүнүн бул билдирүүсүнө муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдинов жооп берип, ажылык сапардын акчасы боюнча иш жүзүндө арыздануу болбогонун билдирди:

“Барбай калгандар акчасын алып кетсин деп айтылган. 28 адамдан турган убактылуу республикалык штабдын жарымы муфтияттан болчу. Элге кааласа алып кетсин деп айтылган. Арызданган жүз адам аноним экени аныкталды. Муфтий ошондо президентке да айтты. Бир кишинин колу менен, дарексиз нерсе менен башталган иш. Арыз болгон эмес. Арыз кийин эле Аалымдар кеңеши аркылуу Финполго берилди”.

12-февралда Муфтиятттын башкы эсепчиси эки айга камакка алынган.

10-февралда УКМК ал мыйзамсыз финансылык иштерге шектүү катары кармаганын маалымдаган жана “Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы уюмдарына насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшагандыгы аныкталды” деп билдирген.

Ошол эле күнү муфтийликти жетектеп турган Максатбек Токтомушев бул ишке шектүү катары кармалган.

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан арызын карап, канааттандырган.

12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Токтомушевди өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошоткон. (RK)

XS
SM
MD
LG