Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:05

Бишкектеги бала бакчалар менен мектептер 1-мартта ачылбайт


Кыргызстандагы мектептердин бири.
Кыргызстандагы мектептердин бири.

Бишкектеги бала бакчалар менен мектептер 1-мартта ачылбайт.

Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, борбор калаадагы бала бакчалардын жана мектептердин ишин жандантууга Коронавируска каршы республикалык штаб уруксат берген эмес.

Ага ылайык, учурда жеке менчик бала бакчалар менен мектептердеги балдардын саламаттыгы текшерилип жатат.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб Кыргызстандагы мамлекеттик бала бакча жана мектептердин ишин жергиликтүү бийлик менен кеңешип жандантууну сунуштаган.

Штаб талап кылган алгоритмге ылайык, мектепте балдар социалдык аралыкты сактап, класстар 50% гана толууга тийиш. Бишкек шаар мэриясы мындай алгоритмди сактоо класстарда жана тайпаларда балдардын саны талаптагыдан көп болуп жаткан мектеп жана бала бакчаларда мүмкүн эместигин билдирүүдө.

Буга чейин Бишкек шаарындагы муниципалдык бала бакчалар менен мектептердин иши 1-февралдан тартып жанданары кабарланган. Кийинчерээк өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу иш 1-мартка жылдырылган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, III чейректен тартып өлкөдө 2 миңге жакын мектеп ишин жандантты. 299 бала бакча иштеп жатат, анын ичинде 150сү жеке менчик.

Кыргызстандагы мектептер жана бала бакчалар 2020-жылы март айынын аягында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган. Мектептер IV чейректи аралыктан окуп бүтүргөн. Быйылкы жаңы окуу жылында 1-класстан башка класстар аралыктан окутууну улантышкан.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен өткөн жылдын 11-ноябрынан тартып айрым «жашыл зонадагы» мектептер ишин жанданткан.

Кээ бир мектептерге 1, 5, 9, 11-класстардын окуучуларын салттуу окутууну улантууга уруксат берилген.

Ата-энелер жана мугалимдер аралыктан окутуу балдардын билим деңгээлин төмөндөтөрүн белгилеп, окууну салттуу улантууну талап кылып келишет.

Бүгүн, 26-февралга карата Кыргызстанда 51 адамдан COVID-19 инфекциясы аныкталды.

Былтыр март айынан бери өлкөдө илдетти жугузуп алгандардын расмий саны 86 142 адамга жеткен. Жалпы ооругандардын 83 061и сакайды. Пандемия башталгандан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсеп боюнча 1463 адамга жетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG