Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Баш мыйзам чукул кабыл алынышы ыктымал


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоору быйыл апрелде референдумга чыгарыларын дагы бир жолу ырастады. Ошол эле маалда эксперттер долбоор процедураларды шашылыш өткөрүү менен кабыл алуу коркунучуна тушукканын айтышууда.

Долбоор келерки жумада Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде, андан кийин жалпы жыйынында каралары күтүлүп жатат. Бирок документтин акыркы варианты жарыялана элек.

Президент Садыр Жапаров Орусиянын «Российская газета» басылмасына курган маегинде Баш мыйзамдын жаңы долбооруна байланыштуу журналисттин суроосуна жооп берип, долбоор апрелде референдумга коюларын дагы бир ирет ырастады:

«Парламентти айрым ыйгарым укуктарынан ажыратып койду деп айтууга али эрте. Мында президенттин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө сөз болуп жатат. Парламент бийлик бутактарынын бири. Мыйзам чыгаруу органы катары парламенттин негизги функциялары калат».

Бул тууралуу ал буга чейинки интервьюларында да айткан. 11-апрелде Кыргызстанда 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Бийлик аны менен чогуу эле Конституциянын жаңы долбоорун бүткүл элдик добушка алып чыгууну пландап жатат.

Конституция референдум аркылуу кабыл алынат, бирок ошол эле маалда референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеште демилгеленип, талкууланганы тууралуу маалымат чыга элек.

Ошол эле маалда апрель айы жакындаган сайын Баш мыйзамдын жаңы долбоорун парламенттен алып өтүү аракети талкуу жаратып жаткан чак.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев долбоор 2-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитетке киргизилерин жарыялады.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Эмки жумада Конституциянын долбоору комитетке андан кийин парламенттин жыйынына чыгарылат. Долбоорго бир аз өзгөртүүлөрдү киргизишиптир, бирок акыркы вариантын көрсөтпөй жатышат. Өлкөнүн эң негизги документи болчу долбоорду көргөзбөй жатышат. Эгерде берилген сунуштар кабыл алынбаса буга чейин эмне үчүн талкуулар болду? Ошондуктан келерки жумада бары аягына чыгат окшойт».

Дастан Бекешев Конституциянын бул долбоору референдумдан өтүп кетсе кесепети анын авторлору менен президенттин өзүнө да тиерин эскертти.
Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо жана Жогорку Кеңеште добушка коюу боюнча депутаттарга алдын ала эле «жол картасы» да таратылганын депутат Рыскелди Момбеков айтып чыккан.

Ага ылайык 2-мартта долбоор менен кошо референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетке киргизилиши керек. Ушул эле документ 3-мартта парламенттин жыйынына чыгат.

Жол картада документ 9-мартта комитеттен дароо экинчи, үчүнчү окууда каралып, 10-мартта Жогорку Кеңештин сессиясында ушундай эле тартип менен өтүшү керектиги жазылган. 12-мартта президент кол коюп, референдум 11-апрелге дайындалат делген план бар.

Документ парламенттин тиешелүү комитетинен жана жалпы жыйындан көп деле талкуусуз өтүп кетиши күтүлүп жатат. Себеби, Баш мыйзамдын долбоору парламентте катталгандан кийин аны өзгөртүүгө болбойт. Муну депутат Мирлан Жээнчороев мындайча түшүндүргөн:

«Жогорку Кеңештин регламентинин 66-беренесинде жазылган. Ага ылайык референдумдун датасын гана өзгөртсө болот, тексттин эч ким карай албайт. Ошондуктан өзгөртүүнүн барын каттоого чейин кылыш керек. Берилген сунуштарды долбоорду алып чыккан 80 демилгечи депутат кабыл алса андан ары кошуп алып чыгат. Сунушту кабыл албаса аны негиздеп туруп жооп бериш керек. Комитет болгону референдумдун датасын гана карайт».

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Баш мыйзамдын долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитеттин 2-марттагы жыйынынын күн тартибине киргизиле электигин кабарлады.

17-январда парламентте долбоор талкууланып, анда демилгечилер сунуш-пикирлер эске алынарын билдирген. Ал жыйынга модератор болгон депутат, документтин авторлорунун бири Нурбек Алимбеков кандай сунуштар түшкөнүн жана Конституциянын жаңы долбооруна кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин айтып бере алган жок.

Конституциялык кеңешмедеги, Жогорку Кеңештеги талкуудан тышкары саясатчылар, юристтер коомчулугу документти талдап өз сунуштарын беришкен. Алардын бири юрист Айдин Бакытбек уулу алардын сунуш-пикирлери эске алынбаганын айтууда.

«Президент парламентти тарката албашы керек, өлкөнүн бюджетин парламент көзөмөлдөсүн, президентке импичмент жарыялоо жөнөкөйлөштүрүлсүн, президентти мыйзам демилгелөө укугунан ажыратуу керек деген сунуштарды бердик. Бирок алар мунун барын кабыл албайт. Анткени алардын бир эле максаты бар – президентке эбегейсиз бийликти топтоп берүү».

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ чыккан. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин аны иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн жана ал ишин 2-февралда аяктап, документти парламентке жиберген. 10-январда өткөн референдумда шайлоочулардын 81% президенттик башкаруу формасын тандап алышкан.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 17-февралда парламентте кеңешме ишин жыйынтыктаганын, эми мындан ары долбоорду өзгөртүү маселеси парламенттин колунда экенин билдирген.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Баш мыйзамдын долбоорунун демилгечиси 80ден ашык депутат – Жогорку Кеңеш десек болот. Биз болсо жумушчу топпуз. Конституциялык кеңешменин статусун карап, окуп чыктык. Биз кеңеш берүүчү жумушчу топ болуп жатабыз. Ачык талкуу өткөрүп, Конституциянын долбоорун парламентке тапшырдык. 27-февралда кеңешменин акыркы чогулушу болду. Анда ушул документке кеңешменин 68 мүчөсү кол койду. Ошону менен ишибизди токтоттук. Биздин эми аны өзгөртүүгө акыбыз жок. Эми алдыңарда турган долбоордун тагдыры депутаттардын колунда».

Иштеп жаткан Конституциянын 114-беренесинде Баш мыйзамды өзгөртүүнүн тартиби жазылган. Ага ылайык Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды парламенттин кароосуна киргизилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен кабыл алат. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда эки ай аралык (ред: кеминде алты ай кетет) менен үч окуудан өткөрүлгөндөн кийин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG