Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Баш мыйзам долбоорундагы карама-каршылык


Кыргызстандын Баш мыйзамы, 24.11.2017
Кыргызстандын Баш мыйзамы, 24.11.2017

Жогорку Кеңештин депутаттары Баш мыйзамдын жаңы долбоорунан орчундуу карама-каршылыктар менен укуктук алешемдиктерди табышты.

Ошол себептен Баш мыйзамдын долбоорун чийки бойдон референдумга чыгаруу чекилик болору айтылып, ал комитеттен каттоого өткөнгө чейин долбоорго оңдоп-түзөө киргизип, аны кайра иштеп чыгуу маселеси көтөрүлдү.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жана ага келип түшкөн сунуштар менен өзгөртүүлөрдү кабыл алуунун укуктук тартиби каралбай калганы айтылды.

Карама-каршылыктардын карааны

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда президент менен парламенттин ыйгарым укуктарын кагылыштырган ченемдер бар экенин айтып чыкты.

Депутат ошондой эле Жогорку сот менен Башкы прокуратурага мыйзам демилгелөө укугун берүү - алардын ар биринин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө жол ачып, тармактык кызыкчылыктардын талаш-тартышын кызыта турганын айтты.

Мирлан Жээнчороев ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүдөгү калпыстыктар менен мыйзам демилгелөө укугун чаржайыт тарата берүүнү мамлекеттик башкарууда чыр-чатактарга алып келчү "мина" катары мүнөздөдү:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун 70-беренесинде президент эч кимден сурабастан эле өзүнүн администрациясынын жетекчисин дайындап, курамын түзөт. Бирок кийинки 80-беренесинде ошол эле кызмат адамын Министрлер кабинетинин төрагалыгына бекитүү үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу суралат. Бирок Жогорку Кеңеш макулдук бербей койсо, анда эмне болот? Бул жерде карама-каршылыктар менен суроолор көп болуп жатат. Президент менен Министрлер кабинетинин төрагасы экөө тең мыйзам демилгелөө укугуна ээ. Эгерде президент аткаруу бийлигинин башчысы болсо, ал саясатты аныктап, өзү мыйзам демилгесин киргизет да. Анан сиздердин бир эле бийлик бутагындагы эки-үч кызмат адамына мыйзам демилгелөө укугун бергениңиздер канчалык туура?»


Ал эми депутат Чынара Урумкалиеванын айтымында, мындай укуктук чалкештик мамлекеттик башкаруунун функционалдык милдеттерин аралаштырып, натыйжада алардын иштөө жөндөмүн төмөндөтөт.

Чынара Урумкалиева башкаруунун табияты боюнча Министрлер кабинетинин башчысы бир эле учурда Президенттик администрацияны жетектей албай турганын айтты:

«Министрлер кабинетинин башчысы бир эле учурда президенттик администрациянын жетекчиси болуп, эки кызмат ордун ээлеп калат экен. Бир эле адам бул эки кызматты аткара албайт. Себеби, Министрлер кабинетинин башчысы бул саясий кызмат адамы. Ал социалдык-экономикалык саясат үчүн жооп берет. Чет мамлекеттерге сапарларга барат. Токтомдорго кол коёт. Ал эми президенттик администрациянын башчысы президенттин ишин уюштурууга байланышкан техникалык жана кеңсе жумуштары. Эгерде Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан кетсе, анда бир эле учурда президенттик администрациясын жетектеген ыйгарым укуктары да токтойбу? Анда президенттик администрациянын иши үзгүлтүккө учурап калбайбы?».

Башкаруунун жаңы түзмөгү

Анткен менен Конституциялык кеңешменин "Мамлекеттик бийлик органдары" секциясынын башчысы Болот Токтобаев мамлекеттик башкаруу түзүмү президенттик башкарууга ылайыкташканын билдирди.

Анын айтымында, президент аткаруу бийлигин жетектегендиктен иш жүзүндө министрлердин башчысы анын орун басары болот.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Болот Токтобаев аткаруу бийлигинин бирдиктүү тутумун камсыздоо үчүн ушундай укуктук конструкция киргизилгенин кошумчалады:

«​Бул ченем боюнча анын Министрлер кабинетинин төрагалык укугу үстөмдүк кылат. Анткени Жогорку Кеңеш президенттин сунушу менен Министрлер кабинетинин төрагасын дайындоого макулдук бергенден кийин ал автоматтык түрдө президенттик администрацияны жетектеп калат. Бул жерде биз президенттик башкарууга багыт алган соң, бул укуктук жактан вице-президенттин кызмат ордуна окшош. Ошол 70-беренеде "президент өзүнүн администрациясын" түзөт деп жатпайбы. Ал жерде президенттин башкаруусу боюнча аткаруу бийлигинин вертикалын түзүш керек болчу. Ошондой юридикалык конструкция болду»​.


Бирок депутат Чынара Урумкалиева долбоордо "президент аткаруу бийлигинин башчысы" деп көрсөтүлүп, бирок ошол эле кезде аткаруу бийлигинин макамы өзүнчө бийлик органы катары берилип калганын байкаган.

Анын айтымында бул эки бөлүмдү кошуп, ыйгарым укуктардын кайталанышын алып салып, орчундуу алешемдиктерди четтетүү зарылдыгы келип чыкты:

«​Бул жерде президент "мамлекет башчысы жана аткаруу бийлигинин жетектейт" деп жазылып турат. Бирок ошол эле долбоордун үчүнчү бөлүмүндө аткаруу бийлигинин макамы өзүнчө бир түшүнүксүз, көз карандысыз бөлүм катары каралып калган. Бирок президенттин аткаруу бийлигин жүзөгө ашыра турганын эске алсак, анда Баш мыйзамдын долбоорундагы биринчи жана үчүнчү бөлүмдү бир бөлүмгө бириктириш керек. Болбосо аткаруу бийлигинин бирдиктүү институт тутуму принциби бузулуп калып жатат».

Оңдоп-түздөөнүн машакаты

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Баш мыйзамдын долбооруна сунуштар, өзгөртүүлөр жана кошумча-алымчалар көп боло турганын айтты:

Улукбек Ормонов.
Улукбек Ормонов.

«Биз азыр сунуштарды берип жатабыз. Бирок Конституциялык кеңешме өзүнүн жыйынын эбак аяктаса, эмне болот анда? Биздин берип жаткан сунуштарды ким карайт? Алар кандайча кабыл алынат? Ошонун тартиби барбы? Сунуштар каралбаса, кабыл алынбаса - анда биз бекер эле кимге берип жатабыз? Деги эле биздин Баш мыйзамдын долбооруна сунуштарды берүүгө, өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүгө укугубуз барбы өзү?»

Ал эми Конституциялык кеңешменин мүчөсү, депутат Умбеталы Кыдыралиев жаңы Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгуунун тартиби аныкталбай калганын айтты. Ошондуктан ал мындан ары парламент кандай иш алып барары белгисиз, дейт.

«​2010-жылы кабыл алынып, азыр иштеп жаткан Баш мыйзамда жаңы Баш мыйзам кабыл алуунун ченемдери каралбай калыптыр. Анын 114-беренесинде Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби гана берилиптир. Ошондуктан азыр жаңы Баш мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аларды кабыл алуу тартиби каралган эмес»​.

Парламенттин соңку укугу

Ошол эле кезде депутат Кенжебек Бокоев Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбооруна алымча-кошумчаларды киргизип, референдумга алып чыгууга же болбосо аны биротоло эле четке кагууга парламенттин укугу бар экенин белгиледи:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

«​Мына, элге чыкты. Азыр аябай сын-пикирлер көп болуп жатат. Ошол долбоор референдумга коюлабы же коюлбайбы? Аны ким чечет? Аны Конституциялык кеңешме да, президент да чечпейт. Аны парламент чечиши керек. Ал эми мүмкүн бул долбоорду биз такыр эле референдумга чыгарбай коёбуз. Анткени азыр бизде өзгөртүүлөрдү кантип киргизебиз деген аябай көп суроолор болуп жатпайбы. Эгерде оңдоп-түздөөлөр болсо, анда аларды биз документ каттоодон өтүп, комитетке киргенге чейин киргизип калышыбыз зарыл. Каттоодон өткөн соң регламент боюнча эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизе албай калабыз».

Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар Конституциялык кеңешме иштеп чыгып, парламентке тапшырган Баш мыйзамдын жаңы долбоору кайрадан оңдоп-түздөөлөргө муктаж деген тыянакка келишти.

Ошондуктан катчылыкка сунуштарды берүү, анан андан кийин депутаттар кайрадан талкууга чогулууну чечишти. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 18-февралга дайындалган пленардык жыйыны болбой калды. Анда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкууга алуу маселеси турган болчу.

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорун даярдап, документти парламентке 2-февралда жиберген. Ал Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарыяланды. Парламент аны 17-февралда карай баштады.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрель – жекшемби күнгө дайындалган.

Мамлекет башчысы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду да ушул күнү өткөрүүнү сунуштаган болчу.

XS
SM
MD
LG