Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:10

Коомду агарткан Кондучалова


Күлүйпа Кондучалова (Фото архивден).

Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, совет мезгилинде 20 жылдан ашуун Маданият министрлигин жетектеген Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгы белгиленүүдө.

Буга байланыштуу 27-февралда А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында салтанаттуу жыйын өттү. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Алгач мамлекет башчысы Күлүйпа Кондучалованын өмүр жолуна арналган сүрөт көргөзмө жана жаңы жарык көргөн китептер, театрдын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн «Малахит» залы менен таанышып чыкты.

Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгындагы көргөзмөдөн.
Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгындагы көргөзмөдөн.

Мааракени ачып берген маданият министри Кайрат Иманалиев Кондучалованын жасап кеткен эмгектерине кыскача токтолду:

«Сахнадагы залкарларыбызды көрүп, көз тоюп, толкунданып, тарыхка бир барып келгендей болуп отурабыз. Бүгүн өзгөчө күн. Анткени кан-жаныбызга бүткөн улуттук маданиятыбызды, XX кылымда бийиктикке жеткирген, профессионал классикалык кыргыз искусствосун пайда кылган Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдык мааракесин белгилеп отурабыз. Кондучалова бактылуу адам экен, канчалаган кыргыздын сыймыктуу талант ээлери менен замандаш болду, ошолорду таптады. Ар биринин өмүр жолунда Күлүйпа Кондучалованын ысымы жазылып калды».

Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова 1958-1980-жылдар аралыгында Маданият министрлигин жетектеген.

Садыр Жапаров Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгында. Бишкек шаары. 27-февраль
Садыр Жапаров Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгында. Бишкек шаары. 27-февраль

Расмий жыйында сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Кондучалова маданият тармагын жетектеген мезгилде кыргыз маданиятынын алтын доору башталганын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы кеченин жүрүшүндө Күлүйпа Кондучалованын ар бир талантты көрө билип, бапестеп таптагандыгынын аркасында «СССРдин эл артисти» ардактуу наамына татыктуу болгондор көбөйгөндүгүнө, саны боюнча салыштырганда 15 союздук республиканын ичинен Кыргызстан үчүнчү орунда тургандыгына токтолду.

«Дүйнөнүн ондогон атактуу театрларында кыргыз искусство чеберлери жараткан ийгиликтердин ар бири Күлүйпа Кондучалованын кажыбас кайраты, талыкпаган мээнети менен байланыштуу. Кылымда бир жаралчу кайталангыс ырчы Болот Миңжылкыевдин Италиянын атактуу "Ла-Скала" театрында тажрыйбасын өркүндөтүп келиши да Күлүйпа Кондучалованын түздөн-түз эмгеги, камкордугу экендигин айтпай кетүүгө болбойт. Натыйжада, Болот Миңжылкыевдин үнү дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңырды, Ала-Тоонун алтын добуш ырчысы атыгып, ааламды аралады.

Искусство жылдыздары багындырган мындай ийгиликтерди санап олтурсак оголе көп. 1976-жылы Токиодо өткөн вокалисттердин фестивалында булбул үндүү Кайыргүл Сартбаеванын күмүш медалды жеңип келгени, 1978-жылы Гаванада өткөн Бүткүл дүйнөлүк фестивалда залкар комузчу Самара Токтакунованын Баш байгени жеңип алганы, 1976-жылы композитор Калый Молдобасановдун „Саманчынын жолу“ балет-ораториясынын, 1977-жылы кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Ак кеме" көркөм тасмасынын СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болушу атпай журтту сыймыкка бөлөгөн, көңүлүн өстүргөн маданий окуялардан деп белгилөөгө болот», – деп билдирди.

Ошондой эле ал Күлүйпа Кондучалованын көзү өтөрдө «Маданиятты сактагыла, маданиятты сактасаңар кыргызды сактайсыңар» - деп айткан керээзин эске салды.

Мааракеге кыргыз интеллигенциясы, кино, театр өнөрлөрү, жазуучулар, акындар катышты.
Мааракеге кыргыз интеллигенциясы, кино, театр өнөрлөрү, жазуучулар, акындар катышты.

Кечеде СССРдин эл артисттери Кайыргүл Сартбаева жана Самара Токтакунова, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Гүлайым Каниметова, Дарика Жалгасынова, Саламат Садыкова баш болгон көрүнүктүү маданият өкүлдөрү өнөрүн тартуулашты.

Замандаштары, коомдук жана маданий ишмерлер Кондучалованын өрнөктүү өмүр жолун эскеришти.

Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, драматург Бексултан Жакиев Кондучалованын таланттарды калыптандыруудагы эмгегин баяндады:

«Дегеле аялзатына кыргыздар илгертен жакшы мамиле жасаган. Ошол сыйга ээ болгон кыргыздын сыймыктуу кыздарынын бири Күлүйпа Кондучалова абдан сүрдүү адам эле. Бирок эч качан бирөөнү кагып-силкип, одоно мамиле жасаганын көргөн жокмун. Ал өсө турган таланттарды камкордугуна алып астейдил мамиле жасады, жадагалса сахнада өнөр адамдарынын кийген кийимине чейин көз салып, маани берчү. Таланттуу адамдын баарынын мүнөзү жакшы боло бербейт да. Бирок алардын өнөрү мыкты экенин байкаса, колдоп-коштоп, иштеткенге аракет кылчу, мыкты эмгектерди жаратууга зор көмөк берчү. Иштеп турган жылдарында ал тарабынан көп иштер аткарылды. Ал маданияттын өнүгүүсүнө зор салым кошкон бирден-бир адамдардын катарында. Маданият адамдарына өзүн өнүктүрүп, өз тармагынын чебери болууга көп мүмкүнчүлүк берген».

Белгилүү композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаков Күлүйпа Кондучалованын айыл маданиятын өнүктүрүүдөгү эмгегине токтолду:

«Айылдарда ошол кезде көркөм чыгармачылык шумдуктуудай өнүккөн. Биз баарыбыз ошол өздүк көркөм чыгармачылык мектебинен чыкканбыз. Кийинки атактуу обончу, ырчылар да ошол муундан. Орус эли айтат го “талант айылда туулуп, калаада өлөт” деп, ошонун сыңарындай таланттуунун көбү элеттен чыгат. Ошону мыкты түшүнгөн Күлүйпа эже айылдагы маданияттын баарын өнүктүрүп баштаган. Маданий клубдарды курдуруп, музыкалык аспаптын түрүн алдырып, ийримдердин түрүн уюштуруп, райондук, облустук кароо-сынактарды байма-бай өткөрүп, андан жеңүүчү болгондорду республикалык тепкичке көтөргөн. Баса белгилеп айтканда, ал өз доорунда талкалангыс маданият пайдубалын кура алды. Анын башкаруу жылдарында Кыргыз өлкөсүнүн искусство тармагы эл аралык резонанс жарата алды. Ошол кездеги маданияттагы мыкты кадрлар муунунун тарбияланып чыгышы анын ысымы менен байланыштуу».

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург Султан Раев кыргыз маданиятынын гүлдөгөн доору Күлүйпа Кондучалованын ысымы менен тыгыз байланыштуу деп эсептейт:

«Күлүйпа эже кызматта иштеп турганда көбүнчө маданий, гуманитардык байланыштарга өзгөчө басым жасады. Кыргыз өлкөсүн башка мамлекеттер менен алакасын бекемдөөгө, анын ичинде кыргыз маданиятын чет өлкөгө таанытууга өзгөчө аракет кылды. Кыргыз искусствосун эле эмес, кыргыз адабиятын да жайылтууга чоң эмгек сиңирди. Кыргыз аялдарынын ичинен лидерлик сапаты бийик эле. Анын ошол артыкчылыктуу сапатынын себеби менен өлкөбүздөгү чечилбей келген бир топ маселелер чечилди. Ал өз өмүрүн өрнөктүү, башкаларга үлгү болчудай сүрдү».

Ал эми жазуучу, илимпоз Топчугүл Шайдуллаева азыр коом Кондучаловадай инсандарга өтө муктаж деген пикирде:

«Кондучалова аял лидер кандай болушу керектигинин мыкты үлгүсүн көрсөтүп кетти. Болгондо да анын ушул маданият тармагын көп жылдар жетектегени бул кыргыз өлкөсү, маданияты үчүн чоң олжо, табылга болду. Ал маданият тармагын жетектеп турган чакта өнөрлүү адамдар көчөдө калган эмес, ачка калган эмес. Бул көпчүлүккө белгилүү. Ал кыраакылыгынын, акылгөйлүгүнүн себеби менен ар бир талант ээси менен иштеше билген. Ал коммунисттик партиянын идеологиясынан тарбия алган мыкты кадр болду. Бүгүнкүлөр ушул адамдын жасаган эмгектеринен үлгү алышы керек. Ошондо жылыштар болот».

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Мундузбек Тентимишов 2010-жылы Күлүйпа Кондучалованын 90 жылдыгына карата анын өмүр баяны менен бирге коом үчүн аткарган иштерин камтып, “Легендарлуу өмүр: Күлүйпа Кондучалова” аттуу китеп жазган. Анда Кондучалованын М.Шолохов, Ю. Гагарин, И. Ахунбаев, С. Кийизбаева, М.Рыскулов, М. Абдраев жана башка коомдук ишмерлер, белгилүү адамдар менен болгон жолугушуулары тууралуу да баяндаган.

Мундузбек Тентимишов Күлүйпа Кондучалованын феноменине токтолду:

«Ал эрки күчтүү, кайраттуу, көкүрөгү тунук, чынчылдыкты туу туткан адам эле. Китеп жазуума өзүнүн да сунушу себеп болуп, жазып калдым. Муну менин журналисттик тагдырымдагы бир кенч катары кабыл алам. Ал улуу таланттуу адамдардын өмүр жолун, бирге иштешкен учурларын айтып берди. Эл билбеген кызыктуу окуяларды да баяндаган. Балерина Бүбүсара Бейшеналиева, арген үндүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев тууралуу көп айтчу. Мисалы, акын Алыкул Осмонов тууралуу да далай маалымат берди, анын сүйгөн кызы Айдай менен бир бөлмөдө жашаган да жайы бар экен. Алыкулдун жары Зейнеп тууралуу окуяны да билер эле. Кондучалова бир айтканын эки кылбаган мыкты мүнөзгө ээ болчу».

Күлүйпа Кондучалова ким болгон?

Кыргыз Республикасынын эл баатыры, республиканын маданиятына эмгек сиңирген мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы 15-июнда Пишпек уездинин (азыркы Чүй облусу) Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. 1938-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1945-жылы Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.

1953–1958-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри, 1958–1963-жылдарда Кыргыз ССРинин маданият жана тышкы иштер министри, 1963–1980-ж. Кыргыз ССРинин маданият министри, 1980–2003-жылдарда Кыргызстандын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомунун Борбордук кеңешинин президиумунун төрагасы болуп эмгектенген.

СССРдин Жогорку Советине эки ирет депутат болуп шайланган.

Эл аралык Курманжан датка сыйлыгынын ээси. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл-Туу, «Ардак Белгиси», 1-даражадагы «Манас» ордени жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз мамлекетинин маданияты жана искусствосуна зор эмгек сиңирген ишмерлердин бири болуп эсептелет.

Күлүйпа Кондучалова 2013-жылы 7-сентябрда 93 жаш курагында көз жумган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG