Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:59

Токтогул акындан калган таберик комуздар


Токтогул Сатылганов.
Токтогул Сатылганов.

Жарма, чайды жаман деп,

Этти кайдан табасың?

Аз дүйнөнү жаман деп,

Көптү кайдан табасың?

Акындарды жаман деп,

Кепти кайдан табасың?

(Токтогул Сатылганов)

Кезинде тоо булбулу аталган Токтогул Сатылганов өз заманынын көрөгөч, көсөм, улуу таланты болгону маалым. Токтогул тууралуу маалыматты Интернеттен издеп көрсөк, өмүр баяны, санат ырлары, фотоаппаратка түшүрүлгөн жалгыз сүрөтүнүн түркүн форматы, колго тартылган портреттери, анан ал тууралуу анча-мынча эскерүүлөр гана чыгат. Биз бүгүн анын эл ичинде таберик болуп сакталып калган, кылым карытып келаткан комуздары тууралуу кеп кылабыз.

Бүгүнкү күндө колундагы комузун «бул Токтогулдун комузу» деп кастарлап көтөрүп жүргөн өнөр адамдары, маданият ишмерлери бар.

Маселен, «Айтыш» фондунун негиздөөчүсү, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз Токтогулдун бир комузу чоң атасы Шерниязга берилгенин, бирок ал комуз колго тийбей жок болгонун, бирок кийин Токтогулдун башка комузу буйруганын билдирди:

Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

«Чоң атам Шернияз өзү да комузчу болуп, Токтогул, Жеңижоктор менен бир жүргөн курбалдаш экен. Токтогул үйүнө көп келип турчу тура. Сибирден кайтып келатканда да Шернияздын үйүнө келип, бир комузун белек кылып кеткенин, аны менин улуу агам Эркин эрке чыгып, минип жүрүп сындырып жок кылганын атамдан уккам. Бул тууралуу бир гезитке арман кылып маек курсам, «Манас Ордо» улуттук комплексинин директору Ормош Чоюнбеков угуп калыптыр. Анан бир күнү үйгө келип калды. «Мен сага Токтогулдун комузун алып келдим» деп ушул комузду белек кылды. Таң калып жайын сурасам, анын кайын-журтунда сары майдай сакталып жүрүптүр. Токтогул бир тойго келгенде белек кылып кеткен экен. Мына эми ошол комузду Ормош агабыз кадырын салып жүрүп сурап алган экен, эми менде сакталып жүрөт. Эскирип калса да аяп, оңдотпой жүрөм».

Токтогулдун айтышта алдына ат салдырбаган сөз чеберчилигине, кубулжуган мукам үнгө ээ болгону, мыкты комузчулугу, ошол эле маалда калың элди шаңга бөлөгөн куудулдугу, алп мүчөлүү адам болбосо да анда-санда күрөшкө түшө калган шамдагайлыгы эл ичинде аңыз болуп айтылып келет.

Дастанчы Өмүрзак Кайыпов Токтогулдун комузун он жылдап даректеп издеп жүрүп акыры тапканын, комуздун эскилиги жетсе да сыны жоголбогонун белгиледи:

Өмүрзак Кайыпов.
Өмүрзак Кайыпов.

«Кетмен-Төбөнүн Чоң-Арык айылынан бир комузу табылды, бирок ээлери бербеди. Тагдырдын буйругу экен, кийин башка бир комузу Талас жергесинен табылды. Талас районунда Жерге-Тал деген айыл бар экен. Ал жерде Адыгине деген жакшы комузчу өтүптүр. Бул комуз анын көп кыздарынын ичинен Эсен аттуу 1929-жылы туулган жалгыз уулуна калган экен. Анын неберелери «бул комузду сиз кастарлап жүрөрсүз» деп мага тапшырышты, оңдотуп алып сыймык менен көтөрүп жүрөм».

Ырчы, обончу Сыймык Бейшекеевде да Токтогул Сатылгановдун бир комузу бар. Обончу ал комузду мурда көрүп, бирок жетпей жүргөнүн, 2011-жылы Эмгек сиңирген артист наамын алган соң гана бул комузга жеткенин, кийин Токтогул Сатылганов өзү отурган түрмөгө ал жер музейге айланган кезде барып, бул комуз менен акындын «Алымкан», «Кербезим» чыгармаларын ырдап бергенин кеп кылды:

Сыймык Бейшекеев.
Сыймык Бейшекеев.

«Комуз өз кезегинде Токтогул Сатылгановдун коңшуларынын кичине кызына «кийин комузчу болсун» деген ырым менен өзү тарабынан белекке берилген экен. Кийин көп мезгил өтүп, комуз баасын билбеген адамдарга туш болуп калганбы, сарайда эле жөн бир буюмдай калып калыптыр. Моюну, капкагы сынган абалда мыкты уста, комузчу Намазбек Уралиевге алып барсам, калыбына келтирип оңдоп берди. Бул улуу таберикти үйдө сактап койбой, эл көрүп таасирленсин деген ниетте кайда барсам өзүм менен бирге ала жүрөм. Бул комуз мени менен бирге Орусияны, Европаны кыдырып келди. Залкардан колу тийген аспап чыгармачылыгыма да зор эргүү берет».

«Мен Жеңижоктун (Өтө Көкө уулу) жанында ыр төкпөй, комуз черткеним жакшыраак, Ниязаалынын (комузчу Ниязаалы Борош уулу) жанында комуз чертпей, ырдаганым жакшыраак» деп залкар замандаштарынын өнөрүнө да баа бере билген, урмат кылган Токтогулдун берешендиги да ушул комуздарынын бүгүнкү күнгө чейин сакталып калышына себепкер болгондур?

Дегеним, той-жакшылыктардын көркүн ачкан, ыр сүйгөн элдин эрмеги болгон таланттуу Токтогул кээде ырдап барган үйдө ымыркай жарык дүйнөгө келген болсо, колундагы комузун да аябай ага белек кылып кетчү деген маалыматтар айтылып келет.

Токтогулдун дагы бир комузун сыймык менен көтөрүп жүргөн төкмө акын Аалы Туткучев да залкардан калган баалуу аспаптын сырын жана кандайча колуна жеткенин баяндап берди:

Аалы Туткучев.
Аалы Туткучев.

«Улуу талант Токтогул атабыз комузду азыркыдай өрүктүн жоон өзөгүнөн эмес, жогору жагындагы бутагынан чапчу экен. Топурактан канчалык алыс болсо бутак ошончолук таза болуп, андан үн да таза чыгат. Муну ал мыкты билген. Ал эми башы кайкы болгону – комузга кыл тагылганда бири-бирине тоскоолдук кылбайт. Мендеги комуз - 1928-жылы Кетмен-Төбөдөгү бир жентек тойдо ырдап, бешиктеги ымыркайга комузун белек кылып тапшырып кеткен экен. Ал бала эр жетип, кийин карып калган чагында да комузду сактап, баласына мурастайт. Баласы тоо тараптагы үйүнүн чатырында сактап жүрүптүр. Менин колума тийгенден кийин бир сыйра оңдотуп-түзөтүп алып ыр төгүп жүрөм».

Өрүктөн жасалган комуздун башка жыгачтан чабылган комуздан өзгөчө бир касиети – ал жыл өткөн өңү карайып, катып, каткан сайын тагылган кылдын үнү тунук, мыкты чыгып каларын усталар да айтып жүрүшөт. Токтогулдун комуздарынын чабылганына бери дегенде 100 жүз болсо да мыкты сакталып келген сыры ушунда болсо керек. Анан да өз заманынын торгою элин сүйүп, азаттыкка үндөп ырдап, кайра элдин жүрөгүндө жашап калган улуу талантка айланганы үчүн да анын чапкан, черткен комуздары ушул убакка чейин өмүр сүрүп келгендир.

Токтогул Сатылгановдун уулу Бабажан Токтогулов да, ата жолун жолдоп, комузчу жана комузду мыкты чапкан уста да болгон.
Токтогул Сатылгановдун уулу Бабажан Токтогулов да, ата жолун жолдоп, комузчу жана комузду мыкты чапкан уста да болгон.

Айрым маалыматтарды барактасак, замандашы, досу Жеңижокко (Өтө Көкө уулуна) да комуз тартуулап, ал комуз азыр да Аксы жергесинде мыкты сакталып келгенин билдик. Мындан сырткары да айрым өнөр адамдарында, талант урматтаган үйлөрдү Токтогулдан калган таберик комуздар бар экени эл ичинде айтылып келет.

Токтогул Сатылганов 1864-жылы Азыркы Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Сасык-Жийде айылында туулган.

1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деген жалаа менен камакка алынып, Сибирге сүргүнгө айдалып Тобольск шаарындагы абакта жаткан.

Токтогул Сатылганов жаткан абак.

Токтогул Сатылгановдун алгачкы "Кедейкан" аттуу китеби 1938-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ага чейин 1928-жылы Кыргыз автономиялык Республикасынын Агартуу боюнча элдик комиссариаты Токтогулду Фрунзеге чакыртып, комуз менен аткарган 18 чыгармасын жаздырып алган.

Акындын комузга салып черткен күүлөрү кыргыз фольклордук музыкасынын алтын казынасынан татыктуу орун алган. "Чайкама", "Чоң кербез", "Тогуз кайрык" ж.б. күүлөрү комуз эле эмес, оркестрге салынып аткарылып жүрөт.

"Алымкан" баштаган бир топ лирикалык чыгармалары эл оозунан түшпөй ырдалып келет.

Токтогул 1933-жылы 69 жаш курагында өз айылында каза болгон, сөөгү да ошол жерге коюлган. Анын уулу Бабажан кыргыз филармониясынын артисти болгон.

2014-жылы акындын 150 жылдык мааракеси Токтогул районунда белгиленген. Бул жыл - эл аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан "Токтогулдун жылы" деп жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG