Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

Кадр саясаты Самара Каримованын мисалында


Оштогу Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайындагы териштирүү учуру.
Оштогу Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайындагы териштирүү учуру.

Ырчы жана актриса Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын директорлук кызматынан баш тарткан арызын жарыялады.

Буга эмгек жамаатынын аны бир жумадан ашуун кабыл албай, окуу жайында ага нааразылыктын күчөп кеткени себеп болду. Коомчулукта да аны кайра жетекчи кызматка дайындоодо мыйзамдык жана квалификациялык талаптар бузулганы белгиленди.

Самара Каримованын соттон утуп, бирок ал сот чечими күчүнө киргенге чейин министрлик ага каршы кийинки инстанцияга даттанбай эле, аны тез арада кызматка кайра дайындоо көп адамдар тарабынан кадр саясатынын калпыстыгы катары кабыл алынды.

Буга байланыштуу маданият жана маалымат министри Нуржигит Кадырбеков маалымат бербегени да коомчулукта шек жаратты. Ал эми эки жыл мурдагы бул дайындоого кол койгон министрликтин статс-катчысы Бактыбек Секимов дооматты четке кагып, анын айыбы далилденсе жоопкерчилик тартууга даяр экенин айтты.

Сот чечиминин себеби ачыкка чыкты

Буга чейин Маданият жана маалымат министрлиги ырчы Самара Каримованы Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын директорлугуна кайра дайындоого Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими негиз болгонун жүйө келтирген. Анда арызды кабыл алуу мөөнөтү эбак өтүп кетсе да арыз соттук териштирүүгө кабыл алынганы суроо жараткан. Анткени Эмгек кодексине ылайык, жаран эки ай ичинде гана кызматынан алынганына каршы даттанып, сотко кайрылууга укугу бар.

Бирок Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Айзада Момунова ал сот чечими доогер менен жоопкер тараптын биргелешкен өтүнүчүнүн негизинде чыкканын билдирди:

«Кызматына калыбына келтирүүгө даттанган иштер автоматтык түрдө соттук териштирүүгө кабыл алынат. Анан ишти караган сот аны кароо мөөнөтү өтүп кеткени же кетпегени боюнча жараян маалында чечим кабыл алат. Самара Каримованын арызы каралып жатканда жоопкер тараптан «ишти мойнубузга алабыз» деген арыз келип түшкөн. Министрдин ишеним каты тиркелген. Аны жокко чыгаруу боюнча кат келген эмес. Анан сот тараптардын катышуусу менен жоопкердин доо арызды моюнга алышынын натыйжасында аны канааттандыруу тууралуу чечимге келген. Бул жерде Маданият министрлигинин өкүлү доогер тарап менен бирге доо арызды канааттандырып берүүнү суранган. Ошонун негизинде сот Самара Каримованын арызын канааттандырды».

2018-жылы ноябрь айында Самара Каримованы бул кызматка дайындоо тууралуу буйрук чыгып, бирок анда да нааразылык болуп, көп өтпөй эле аны бошотуу тууралуу буйрук чыккан.

Чечимди аткарууга шашкан министрлик

Жарандык активист Төлөгөн Келдибаев бул иште соттун арызды кароо тартиби гана эмес, аны аткаруу эрежеси да бузулганы мында жеке кызыкчылыктын бар экенин ырастайт деген оюн ортого салды:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

«Биринчи Май райондук сотунун чечими чыгып, ал күчүнө киргенге чейин эле маданият министри аны аткарууга алып жатат. Мында министрлик соттун чечими менен макул эмес болсо, ошол эле учурда кийинки инстанцияларга чечимге каршы даттанышы керек болчу. Анан ал жактардан да утулуп калгандан кийин гана сот аткаруучу министрликке сот чечимин аткаруу барагын жиберет. Министр Нуржигит Кадырбеков ошондо гана соттун чечимин аткарып, аны кызматына кайра калыбына келтирүү тууралуу буйрук чыгарса туура болмок. Мыйзамдын тартиби ушундай. Бирок Нуржигит Кадырбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киришин күтпөстөн буйрук чыгарган».

Бул жагдай тууралуу маданият жана маалымат министри Нуржигит Кадырбеков менен байланышып, анын позициясын тактоо аракетибизден майнап чыкпады. Ал арада окуу жайынын эмгек жамааты министрликтин жетекчилигинин мамилесине нааразы болуп, каршылык акциясына чыкты. Окуу жайынын кыргыз улуттук аспаптар бөлүмүнүн мугалими Канжар Туташев мындай дейт:

«Биздин окуу жайыбызга карата министрлик тарабынан кайдыгер мамиле болуп, он күнгө чукул убакыттан бери ушундай абалда турабыз. Бирок окуу жараяны үзгүлтүккө учураган жок. Ал эми өзүн директормун деп жарыялаган Самара айым иш бөлмөсүн ээлеп эле отурат. Ага эч ким кирген деле жок. Ушул күнгө чейин бир да мугалим, бир да бөлүм башчы анын алдына басып барган жок. Биз министрликтен адамдардын келишин күтүп турабыз. Бирок ушунча күндөн бери бирөө-жарымы келип, «эмнеге нааразы болуп жатасыңар» деп көңүл буруп, биздин маселени чечип берүүгө ынтызар болбогонуна жан дүйнөбүз өрттөнүп жатат».

Такымда калган талаптар

Өкмөттүн токтому менен бекитилген маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин жетекчилик кызматтары үчүн квалификациялык талаптарда жогорку кесиптик билими, педагогикалык же жетекчилик кызмат орундардагы беш жылдык иш стажы болушу шарт экени көрсөтүлгөн.

Комуз күүлөрү боюнча «Жаңы ыргак» жыйнагынын автору, маданияттын мыктысы жана музыка чебери Кумаркан Эргешова кадр саясатындагы бул мыйзамсыздык чыгармачыл чөйрөнүн нааразылыгына себеп болгонун айтты:

«Бул жерде коомчулук ушунчалык ызылдап жаткандан кийин ал кайсы квалификациялык талаптардын негизинде атайын адистешкен музыкалык окуу жайынын жетекчи кызматына дайындалып жатканын алар бир сыйра карап коюшу керек болчу. Мурдагы да, анан эми азыр экинчи ирет дайындоо болгон учурда да. Эгерде маданият министри Нуржигит Кадырбеков компетенттүү министр болсо, анда соттун чечимин карап чыгып, буйрукка кол коюп жатканда анын мурда эмненин негизинде мурда кызматтан алынганына жана эмненин негизинде кайра дайындоо керек деген маселеге көңүл буруп, бул боюнча тиешелүү документтерге көз жүгүртүп койсо болот эле да? Анан бул иште министрликтин статс-катчысы Бактыбек Секимовдун аты бир нече жолу аталып жатат. Анткени 2018-жылы Самара Каримованы окуу жайына директор кылып дайындоо боюнча буйрукка ошол кездеги министрдин милдетин аткаруучу катары кол коюптур. Мүмкүн анын жеке кызыкчылыгы болуп жүрбөсүн? Болбосо квалификациялык талапка жооп бербеген адамды кантип «анын берген арызынын негизинде» деген шылтоо менен, билимине карабай туруп жетекчилик кызматка койду? Ал керек болсо нота тааныбайт».

Ырчынын окуу жайын реформалоо боюнча дымагы

Ырчы Самара Каримова өзү жарыялаган маалыматка ылайык, ал 2017-жылы Ош агрардык-экономикалык институтунун агроэномика факультетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистигин аяктаган. Ошол эле жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунда юриспруденция багыты боюнча сырттан окууга тапшырып, 2020-жылы бүтүргөн. Ошондой эле ырчы 2019-жылдан азыркы күнгө чейин Жалал-Абаддын маданият техникумунда «Режиссура» адистиги боюнча сырттан билим алууда.

Ырчы Самара Каримова кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганга чейин ал бул орунга мыйзамдуу келгенин билдирген болчу:

Самара Каримова.
Самара Каримова.

«Андай арыз берүү мөөнөтү тууралуу билбейт экенмин. Бирок юридикалык билими бар мыкты адистер муну карап чыгып, анан ошондон кийин өтсө керек. Анан бул жакта отуруп алып эле «антип коюптур, мынтип коюптур» деген ушактар болушу мүмкүн. Бирок бардыгы мыйзамдын чегинде болгон. Ал мыйзамдуу буйрукту азыр иштеп жаткан маданият министри Нуржигит Кадырбеков соттун чечиминин негизинде чыгарды. Мен буга чейин бардык жумушка жетишип келгем. Эми деле жетише берем. Андыктан мага убакыт бериңиздер. Иштеп көрөлү. Мен бардыгын карап, бул жакта көптөгөн реформаларды кылам деп жатам».

Эмгек жамааты да Самара Каримованын талапкерлигинин жогорудагы талаптарга дал келбей турганы боюнча маселе көтөргөн.

«Каримованын аты дүрбөлөң түшүрдү»

Анткен менен Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов 2018-жылы Самара Каримованы бул окуу жайынын жетекчи кызматына дайындаган учурда андай талаптар бекитиле элек болгонун айтты. Бирок чынында эле ал талаптар өкмөттүн 2020-жылы 29-майда чыккан токтому менен бекитилген. Ага чейин кандай талаптар болгону белгисиз.

Ошол эле кезде Бактыбек Секимов эгерде Самара Каримовадан башка бирөө бул кызматка келсе, аны дайындоо эч кимге байкалбай деле калмак деп эсептейт.

Бактыбек Секимов.
Бактыбек Секимов.

«Эгерде бул иште менин күнөөм болсо, анда мен жоопкерчилик тартууга даярмын, - деди ал. - Азыр бул боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ошол маалда биздин ага чейин бекитилген квалификациялык талаптарыбызда андай чектөөлөр жок болчу. Аны мен алты айлык сыноо мөөнөтү менен эки жылга дайындаган болчумун. Анан ал 2-3 күндөн кийин эле кайра бошотулган. Бул жолу аны кызматка калыбына келтирүү боюнча соттун чечими министрликке келгенде мен сыркоолоп, жумушта эмес болчумун. Анан жетекчиликте «эми соттун чечимин аткарабыз да, анан эмне кылабыз» деген сөз болгон. Эгерде Самара Каримованын ордунда башка киши болсо, аны эч ким деле билбей, укпай эле калмак. Бир чет популярдуулугунан уламбы, анын артынан эле сая түшүп, карап жатышпайбы».

Коомчулукта кадр саясатындагы мүчүлүштүктөр, анын айынан өлкөдөгү өз ишин билген кесипкөй адистер жетекчи кызматтарга келбей жатканы тууралуу көптөн бери эле сөз болуп келатат. Жакында президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаров мындай көрүнүштөр бар экенин моюнга алып, жаңы бийликтин тушунда жетекчи кадрлар конкурстук негизде гана кызматка алынарын айтканы бар.

XS
SM
MD
LG