Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

COVAX программасынын алкагында эмдөө башталды


Ганага 600 миң доза "AstraZeneca" вакцинасы жеткирилген.
Ганага 600 миң доза "AstraZeneca" вакцинасы жеткирилген.

Гананын президенти Нана Акуфо-Аддо COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы вакцина алган биринчи адам болуп калды. Бул программа дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн жарандарын коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылууну көздөйт. 76 жаштагы Аддо өлкө борбору Аккра шаарындагы аскердик госпиталда эмдөөдөн өттү. Ганага 600 миң доза "AstraZeneca" вакцинасы жеткирилген.

Ал ортодо Кытайдын саламаттык сактоо эксперттери коронавируска каршы эмдөө боюнча планын жарыялады. Ага ылайык, июнь айына чейин калктын 40 пайызын эмдөө пландалууда. Учурда Кытайдагы 1,4 миллиард адамдын төрт пайызга жакыны гана эмдөөдөн өттү.

Ал эми АКШда 50 миллион же жалпы калктын 15 пайызы коронавируска каршы бир жолку дозаны алса, 25 миллионго жакын адам эки жолку эмдөөдөн өттү.

Британиялык окумуштуулар өз изилдөөсүнө таянып, "Pfizer" жана "AstraZeneca" вакциналары улгайган адамдардын саламаттыгы үчүн эффективдүү экенин кабарлашты. Бирок мындай жаңылыктарга карабай Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чукул кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан “вирусту быйыл жылдын аягына чейин жеңүү мүмкүн эмес экенин” билдирди.

XS
SM
MD
LG