Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Жакшылык Матанов, ишкер: Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын билими тайкы


Жакшылык Матанов
Жакшылык Матанов

«"Азаттыкта" айтылган» рубрикасында ишкер Жакшылык Матановдун жергиликтүү кеңештер жана аларга шайланган депутаттар тууралуу билдирүүсүн сунуштайбыз.

Жакшылык Матанов, ишкер: Жергиликтүү кеңеште депутат болуп отургандардын басымдуу бөлүгү - 70-80% - жергиликтүү көчө бандиттери. Эркек балдарды айтып атам, акыркы учурда көрүп жүрөм, өздөрүнчө топ-топ болгон, спорт менен машыккан балдардан түзүлгөн уюмдар, спорт мектептердин башында турган атамандары жергиликтүү кеңешке депутат болуп алышкан экен.

Муну аймактарды кыдырып жүрүп көрдүк. Билим жөнүндө, келечек тууралуу сүйлөшсөң эч нерсе билбейт. "Мен жергиликтүү кеңештин депутатымын, мындай-тигиндей", дейт. Жакшылап элден сураштырсаң - айыл өкмөт баш болуп шеринелеш, тамак ичип, табакташ болуп калгандар.

Алар айыл үчүн бир иш кылалы, минтели-тигинтели деген нерсе жок. Экинчиден, саясий сабатсыздыктын эң жогорку даражасындагы буга жергиликтүү эл да кошулду. Мен барып айыл өкмөттөрдөн "Силерге эмне кылып жардам бере алам, ЖКке талапкер катары, депутат катары келдим" дегенде, “Бизге спорт мектебин куруп берсеңер жакшы болот эле, 15-20 миң долларга”- дейт.

Сурабайсыңбы 15-20 миң доллар акча коротуп, 11-классты бүтүрүп жаткан балдарыбыздын 20сын Германияга, Европага окутуп келчи бизге, ошолорду программист, айтишник кылып берчи деп. Ошондо спорт мектептин, стадиондун 40-50сүн куруп берет айылга, деп ойлонбойсуңарбы. Эмнеге арканды алыс таштабайсыңар?

Биздин жаштардын идеологиясы UFS, мушташ, спорт - ушул менен эле болуп калды. Билим деңгээли, интеллектуалдык деңгээли жок.

Анткени эмнеге жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, төрагасынан баштап мектептеги мугалимдерге чейин ошол нерсе менен жашап калышты? Балдарга ким үйрөтөт аларга ушундай маселелерди? Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын деңгээли ушул болуп турса, каяктагы Жогорку Кеңештин депутаты чыгат?!

Жогорку Кеңешке, кандай гана саясатка аралашпа - сен калп айтышың керек экен. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы? Мен азыр 10 жыл аралыгында калп айта албайт экенмин. Сени тааныбаган эле, такыр өмүрү көрүп көрбөгөн адамдар соцтармактан жаман сөздөдү жазат экен. Мен ал нерсеге туруштук бере албайт экенмин. Жакшысы - мен жалгыз барсам деле эртең жамандашат, бирок, эч ким эч нерсе кыла албайт. Ошондуктан жогоруда айткандай тамашалап соцтармакка “Мен азыр калп айта албайт экенмин, калп айтканды үйрөнгөндө келейин”, - деп жаздым.

XS
SM
MD
LG