Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Жээнбеков: Мэрди эл шайлашы керек


Равшан Жээнбеков президенттик шайлоодогу теледебатта (Архивден)
Равшан Жээнбеков президенттик шайлоодогу теледебатта (Архивден)

Бишкекке кандай мэр керек? Ал чарбачыл адам болушу кажетпи же анын орду саясий кызматпы? Бул маселени Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков менен талкууладык.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков президентке Улуттук антикризистик план сунуштамакчы. Он пункттан турган планда шаар жана облус башчыларын элдин добушу менен шайлоо маселеси да камтылган. Ал арада Бишкек шаарынын башчылыгына байланыштуу талаш күндүн темасы болуп турат.

- Бишкектин мэрин өкмөт башчы дайындабай, аны шаар тургундары түз шайлашы керектигин көп жылдан бери айтып келатасыз. Калаа башчысын жашоочулардын өздөрүнүн тандашы эмнеси менен маанилүү?

Эгер эл шайласа, мэр азыркыдай өкмөткө эмес, шаардын калкына кызмат кылууга кызыкдар болот.

- Дүйнөлүк тажрыйба ушундай. Демократиялуу, ийгиликке жетишкен өлкөлөрдө шаар башчыларын түздөн-түз эл шайлайт. Ошондо мэр калкка кызмат кылат. Жашоочулар тарабынан берилген ишеним болот. Бюджет жана салыктарга байланыштуу чечимдерди өзү даярдап, шаардык кеңеш аркылуу бекиткенге мүмкүнчүлүк алат. Шаардыктардын маселесин борбордук бийликке караганда жакындан билет. Эгер эл шайласа, мэр азыркыдай өкмөткө эмес, шаардын калкына кызмат кылууга кызыкдар болот.

- Элге гана көз каранды болот деген канчалык туура?

-Мэрди шаардык кеңеш шайлайбы, өкмөт башчы коёбу, демек, калаанын башчысы бийликке көз каранды болот. Башкача айтканда, аны кызматка ким алып келсе, ошого көбүрөөк кызмат кылганга жан үрөйт.

- Сиз менен маектешерден мурда жарандык активисттердин “Баштан башта” кыймылынын “Твиттердеги” билдирүүсүн окуп калдым. Алар деле “мэрди эл шайлашы керек, ошондо бул кызмат саясий эмес, чарбалык кызмат болот” деген ойду айтышыптыр. Бирок ага пикир жазгандардын арасында “эгер мэрди эл шайласа, ошондо накта саясий кызмат болот” дегендер бар. Сиздин оюңузча, Бишкекке азыр кандай мэр керек?

- Албетте, мындай талаш-тартыш боло берет. Дүйнөнүн ири шаарларындагы мэрдин орду бул – саясий кызмат. Анткени, алар шайлоо аркылуу келет. Шайлоодо ар кандай идеяларды, программаларды сунуш кылышат. Атаандаштык болот, алар тирешишет, мыкты идеяларды көбүрөөк жайылтканга аракет кылышат. Ушундай жол менен мэр – саясий кызматка айланат. Ошондо анын салмагы да көбөйөт.

Франциянын көптөгөн президенттери, Британиянын өкмөт башчысы жана башка дүйнөдөгү лидерлер мэр болуп да иштешкен. Алардын саясий кадамдары, чоң фигурага айлануу жараяны дал ушул мэрликтен башталган. Күчтүү саясатчылар, натыйжалуу башкаруу идеялары калаа башчылардан чыгат.

- Бишкектин буга чейинки мэрлеринин арасында кылмыш ишине кириптер болуп камалгандары, соттолгондору бар. Аларды кандай мүнөздөйбүз?

- Эгер азыркы система менен дайындалганын эске алсак, демек, мэрлер саясий кызматта эмес, чарбалык кызматкер болуп иштешти. Система уланса, ушундай кете берет. Баары бийликтин айтканынан чыкпай, өкмөттүн кыска мөөнөттүү программаларын аткаруу милдетин мойнуна алып алат.

- Сиз иштеп чыккан, он пункттан турган Улуттук антикризистик план менен таанышып калдым. Ага да шаар мэрлерине, жергиликтүү бийлик башчыларына байланыштуу пункт киргизген экенсиз...

-Мен президенттерге ушул жаатта идеяларды, сунуштарды берип келгем. Азыр Кыргызстан оор социалдык-экономикалык, саясий жана тышкы саясий кризисти баштан кечирүүдө. Ички абалды жайгаруу үчүн элдин ишеними маанилүү. Ал эми тышкы саясатты бекемдөөгө жана экономиканы көтөрүүгө сырткы инвестиция агымдарын буруу үчүн донорлордун ишеними да зарыл.

Менин ошол программамда айтылгандай, жергиликтүү бийлик башчыларын эл шайлап, демократиянын өнүгүүсүнө шарт түзө алсак, мамлекеттик кызматчылардын, аткаминерлердин бюджеттен алып жаткан чыгашасын ачык-айкын кылсак, сырттагы донорлорго сигнал берген болобуз. Ошондо аларда ишеним жаралат. Экономикабызга сырттан каражат өтө зарыл, антпесе жандандыра албайбыз. Чет элдик донорлорго ишенимдүү кызматташтыкты ишарат кылуу - дал ушул мэр шайлоо сыяктуу жараяндарга байланыштуу болот.

- Сиз ал сунушту президентке бердиңизби?

-Мен президенттин кабыл алуусун сурандым. Эгер кабыл алса, идеямды деталдуу айтып бергенге мүмкүнчүлүк жаралат. Кабыл албаса, жок дегенде маалымат каражаттары аркылуу айтам, аны өкмөт пайдаланса болот.

- Биздин маектин өңүтү мэр дайындоого байланыштуу болчу. Ошентсе да менде сиздин программаңыздагы айрым пункттардан улам суроо жаралууда. Сиз чек ара, сот реформасы жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн сынак менен алуу сыяктуу бир катар демилгелерди жазыпсыз. Арасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматын (УКМК) реформалоо маселеси да бар экен. Атайын кызмат кандайча реформаланышы керек?

- Бизде ар президент алмашканда чоң камоолор, жемкорлукка каршы күрөш деп мамлекеттик кызматкерлерге басым башталат. Бирок убакыт өткөндөн кийин акырын анын баары токтогонсуп, коррупцияга каршы күрөштөн элеси эле калат. Ошол эле учурда Кыргызстан коррупцияга баткан, жакыр мамлекеттердин катарынан чыкпай жүрө берет.

Менимче, жыйынтыкка жетүү үчүн укук коргоо органдарын, сотту реформалоо зарыл. Анткени, аталган тармактардын экономикага, инвестицияга жана бизнеске түздөн-түз таасири бар. УКМКдан экономикалык кылмышка каршы күрөшүү жана тергөө функцияларын алып салуу керек. Орусиядагыдай, Украинадагыдай жана Европанын өнүккөн мамлекеттериндей кылып чалгын жана терроризм менен күрөшүү кызматтарын калтырсак, анда бул улуттук коопсуздукка, өнүгүүгө оң натыйжасын бермек.

XS
SM
MD
LG