Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Бишкек мэриясына жаңы жетекчилик дайындалды


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан өз арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда мэрияда өткөн жыйында белгилүү болду.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен борбор калаанын жаңы мэри шайланганга чейин шаар башчынын милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалды.

Нургазиев ушул эле күнү мэриянын аппаратына тааныштырылды. Буга чейин ал “Эмма строй” курулуш компаниясынын башкы директору болуп иштеп жатканы айтылды.

Жыйында ошондой эле транспорт жана мүлк тармагын тейлөөчү вице-мэр болуп Руслан Акылбеков дайындалганы айтылды. Ал буга чейин Биринчи Май районунда акимдин орун басары болуп иштеген.

Бишкек шаарынын мэрин шаардык кеңеш тандайт. Шаардык кеңештин азыркы курамынын мөөнөтү апрелде аяктайт. 11-апрелде шаар депутаттарынын кезектеги шайлоосу өтөт.

Түлөбаев 2018-2020-жылдары мэриянын аппаратынын башчысы болуп иштеген. 2020-жылдын июлунда ал өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп, ушул эле жылдын октябрында Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Акылбеков Бишкек шаарынын вице-мэрлигинен 8-февралда бошотулган Азизбек Алымкуловдун ордуна келди. (RK)

XS
SM
MD
LG