Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:42

Сох анклавында аэродром курулушу башталды


Өзбекстандын Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавы.

Фергана облустук акимчилиги 8-февралда Сох районунда аэродромдун курулушу башталганын билдирди.

Маалыматка караганда, 4,5 гектар жерге курула турган аэродромдун учуу-конуу тилкесинин узундугу 650, туурасы 100 метрди түзөт. 12 миллиард сумга (1,1 миллион доллар) бааланган объектини быйыл май айында куруп бүткөрүү пландалууда.

2020-жылы май айында Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Анда 187 өзбекстандык ар кандай жараат алып ооруканага түшкөн. Алардын үчөөнө мылтыктын огу тийип, бир нече турак жай өрттөлгөн. Күбөлөр жараат алгандардын көбү өзбек аскерлеринин элди тынчытып таратуу аракети маалында жабыр тартканын айтышкан.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Сохтогу чатактан Кыргызстан тараптан 25 киши түрдүү жараат алып, эки адам оор абалда ооруканага түшкөн.

Кийинчерээк Өзбекстанда «2020-2021-жылдары Сох районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу» президенттин токтому кабыл алынган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG