Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Ошто мектеп окуучусун зордуктоого шек саналып эки киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында мектеп окуучусун зордуктоого шек саналып 20 жаштардагы эки тургун (К.Т. жана А.К.) кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, былтыр декабрь айында Ош облусунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 16 жаштагы кызын шаардагы батирлердин биринде белгисиз эки киши зордуктап койгонуна даттанган.

Иликтөө учурунда такталгандай, жабырлануучу кыз бул шектүү жарандар менен «Инстаграм» социалдык түйүнү аркылуу таанышып, Интернет аркылуу баарлашып жүргөн. Алардын чакыруусу менен Ош шаарына келип, жолугуп, андан ары ушул окуяга кириптер болгон.

Факт боюнча Жазык кодексинин 161-беренесинин («Зордуктоо») белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG