Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Кошмо Штаттар БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине кайтат


Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 40-сессиясы. 2019-жыл.
Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 40-сессиясы. 2019-жыл.

Кошмо Штаттар Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине кайрадан кирет.

«Кеңештин кемчиликтерин моюнга алуу менен бул мекеме дүйнөдөгү зулумдук жана адилетсиздик үчүн күрөшкөндөрдүн маанилүү форуму боло аларын билебиз»,-деди 8-февралда АКШнын элчиси Марк Кассайр 47 мамлекет мүчө Адам укуктары боюнча кеңеште сүйлөп жатып.

Американын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылдын июнь айында Адам укуктары боюнча кеңештен баш тартарын жарыялаган. Вашингтон мындай чечимине "кеңештин Израилге карата мамилеси жана ага мүчө болгон айрым авторитардык мамлекеттер түрткү болгонун" билдирген.

Уюмга учурда мүчө Кытай, Куба, Эритрея, Орусия жана Венесуэла адам укуктарын бузганы үчүн айыпталып келет.

Азырынча Кошмо Штаттар добуш берүүгө укугу жок байкоочу макамында гана кире алат. Вашингтондогу расмий адамдар билдиргендей, Байдендин администрациясы Австрия, Дания жана Италиянын мөөнөтү жыл соңунда аяктары менен алардын ордуна киргенге аракет кылат.

XS
SM
MD
LG