Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Кыргызстандын карызы 5 млрд. долларга жакындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд. 928,67 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Мунун ичинен 4 млрд. 220,31 млн. доллар (85,44%) тышкы карыз, 708,36 млн. доллар (14,4%) ички карыз.

Сомго чакканда жалпы сумма 407 млрд. 353,36 млн. сом болот. Натыйжада бересенин 348 млрд. 807,69 млн. сом сырткы, 58 млрд. 545,66 млн. сом ички булактарга туура келет.

Маалыматка ылайык, эң көп карыз Кытайдан алынган. Ал тышкы карыздын 41,8% түзөт.

Расмий Бишкек былтыр коронавирус менен күрөшүү үчүн чет элдик донорлордон жалпы 774 миллион долларлык жардам сураган. Мунун 343 миллион долларын алган. Карыздын көлөмү ушунун эсебинен арбыды. (ErN)

XS
SM
MD
LG