Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовго салынган айыппул азайтылды


Kубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов.
Kубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов.

Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго карата буга чейинки инстанция чыгарган чечимди өзгөрттү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы 24-декабрда «Азаттыкка» билдиргендей, соттук коллегиянын чечими менен Кулматовго салынган айыппулдун өлчөмү 4 миллион 400 миң сом деп өзгөртүлдү.

Мурда Бишкектин Ленин райондук соту Кулматовго 5 миллион сомдук айыппул салган.

Кулматов менен кошо айыпталган, азыр эл аралык издөөдө жүргөн дагы бир мурдагы мэр Албек Ибраимовго карата сот чечими күчүндө калды.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов баштаган мамлекеттик жана жеке ишкерлер Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушундагы коррупция боюнча айыпталып, Ленин райондук соту аларга өкүмдү былтыр 23-декабрда чыгарган.

Ага ылайык Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айыпка жыгылып, камактан бошотулган. Райондук сот бул кылмыш иши боюнча соттолуп жаткандардын ичинен Албек Ибраимовдон башка 11 соттолуучуну сот залынан бошоткон.

Ибраимов мектеп курулушундагы коррупцияга жана «Дастан» ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген. (NT)

XS
SM
MD
LG