Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Бишкек мэриясынын алдында нааразылык акциясы өтүп жатат


Бишкек мэриясынын алдындагы акция. 2021-жылдын 10-февралы.
Бишкек мэриясынын алдындагы акция. 2021-жылдын 10-февралы.

Бишкек мэриясынын алдында ушу тапта нааразылык акциясы өтүп жатат. "Азаттыктын" кабарчылары жеринен маалымдагандай, 30 чакты адам чогулуп, мэрдин милдетин аткарууга жаңы адам дайындалышы керектигин айтып жатышат.

Алар колуна "Мэрликке Руслан Тагаев татыктуу" деген жазууларды кармап турушат.

10-февралда өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу тууралуу чечимин бир күндөн кийин жокко чыгарып, бул кызматка жаңы мэр шайланганга чейин Бактыбек Кудайбергеновду дайындады.

Өкмөттүн расмий сайтындагы 10-февралдагы маалыматка караганда, Мариповдун чечими менен Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу 9-февралдагы чечим жокко чыгарылды.(AiA/RK)

XS
SM
MD
LG