Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:42

Муфтияттын ишинде жамааттар тиреши барбы?


Солдон оңго: Кыргызстандын мурдагы муфтийлери Руслан Жумагулов, Максатбек Токтомушев, Кимсанбай Абдрахманов жана диний аалым Дүйшөнбек Өтөнбай уулу. Кыргызстан мусулмандарынын курултайы, 2017-жыл, Апрель.

Кыргызстанда муфтийдин кызматтан кетүүсү бул ирет да чыр менен коштолду. Учурда муфтийлик кызматка талапкерлердин арызы кабыл алына баштады. Муфтиятта чырлуу окуялар кайталанбашы үчүн кандай өзгөрүүлөр керек? Дегеле дин чөйрөсүндөгү азыркы абал кандай?

“Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасына катышкан адистердин пикирлеринин урунттуу жерлерин сунуштайбыз. Берүүгө Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов, Ислам университетинин проректору, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Кубанычбек Абакиров, дин таануучу Эсен Өмүракунов жана Түркиядагы Эржийес университетинин докторанты, дин таануучу Элмурат Кочкор уулу катышкан.

- Муфтийлик кызматты көздөгөн тараптардын, диний топтордун тирешүүсү болуп атат деген пикирлер айтылып атат. Тараптар тирешүүгө өткөн болсо, булар кимдер аларга кандай баа берилиши керек?

Элмурат Кочтор уулу: - Мен заясий зыңдандан, саясий кийлигишүүдөн толугу менен эркин, толугу менен өз алдынча иш оолак жүрүп атат деп эсептебейт элем. Тирешүү менин оюмча бул биздин Максат ажынын Таблих жамаатынын мүчөсү экендигин билебиз. Бул баарына эле маалым. Ошол эле учурда так колунда паспорту болбогону үчүн көргөзүп айтыш кыйын. Бирок, Гюленди жактаган кыймылдарын жактап, ишмердүүлүктөрүн колдогондор да бар. Биздин өлкөдө бул аз эмес, күчсүз да эмес. Салахи, Вахобийлик түшүнүктөр көбүнчө сугарылган Араб өлкөлөрүндө окуп келген диний чөйрөдөгү адамдарда түшүнүк жогорураак болуп калат. Акыркы жагы бул теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү да бар. Булар деле балким муфтийликке кызыгып аткан болушу мүмкүн, муну мен толугу менен жаман кадам деп эсептебейт элем. Менимче 3-4 топтун арасында кандайдыр бир жарышуу-тирешүү болуп атат. Көбүнчө илимий адамдардын ыйманына сөз сүйлөй турган иштерди аксатып келе атканыбыз, аларды аз жасап келатканыбыз ачыкка чыгып калып олтурат. Ушул жакка көбүрөөк басым жасайлы, биздин мусулманчылыгыбызда маселелер чыгып калып атат” - десем бүгүнкү күнгө чейин талап, жаман көрүп келишкен. Терезенин аркасындагы окуянын бир бөлүгү, азыр терезенин алдына чыгып калды.

Бул күнөөнү азыр тигил кылды дейт, ал сураган үчүн берди дейт, мага кандайдыр бир тоскоолдук жаратты дейт, башкалары да башка бир нерселерди айтат. Менимче бул башынан эле бышып жетилген маселе деп айтып атпаймынбы, ошол жамааттык тирешүүлөрдү негизинен башынан жок кыла турган ишмердүүлүктү биз ондогон жылдар мурун башташ керек болчу. Бышып-бышып, жетилип келип мына бүгүн бир эле Куранга, бир эле Мухаммед пайгамбарга ыйман келтирген адамдар ал жердеги адептик принциптер дээрлик көзгө илинбей турган даражада, бири-бирин жамандоо-каралоо тирешүү же балким дагы бизге жаман-жаман бизге көрүнбөгөн тирешүүлөр болушу мүмкүн. Менимче ушул 4 жамааттын, топтун ортосунда тирешүүлөр болуп атат деп эсептейм. Муну жөнгө салыш үчүн бир эле жолу бар. Ал ошол диний маселелерди баш болуп, бардык маселелерде акыл калчоого, логикага таянган бир орток пайдубалда иш алып кетиш керек болчу. Бул Исламдын деле негизги буйругу болот болчу, негизги эң приоритеттүү принциптеринин бири болот деп ойлойм. Болбосо чечилбейт.

Бакыт Нурдинов: Бул тирешүү сезилмек турсун билинип деле атат. Эмнеге дегенде, азыркы мырза айткандай 3-4 топ бар. "Таблиги жамаат", Фетхуллах Гюлен, Салафи багыты жана теологдор деп. Салафи багытын карабаганда да 3 топ тең ошол Абу Ханифа масхабындагылар менен матуриди акыйдасында бир эле болуп атпайбы. Жалпы иш жылыш керек экен, кандайдыр бир деңгээлде тирешүү болот экен. Биз кризиске туш болдук деген ушул болуп атат. Жамааттын лидери келсе ал өздөрүнүкүн тартып мага келатат деген нерсе бар. Азыркы убакта биз кечигип калбашыбыз керек. Азыр мына бир айга жетпей курултай болгону атат. Курултайдын алдында да чоң күрөш болот, аалымдардын арасында муфтий ким болот деген. Ушул эки чоң маселе каралат. да Ошон үчүн чоң нерсени талап кылат бул иш, аны мамлекет да, дин комиссиясы да көзөмөлдөбөсө бул маселени артка калтырып коёбуз.

Кубанычбек Абакиров: Тирешүү дегенде албетте ар кайсыл жамааттар бар экенин азыркы күндө эксперттер, адистер, мамлекеттик органдар деле айтып жүрөт. Бул жөнүндө маалыматтар бар. Тирешүү бул биринчи кезекте жамааттардын арасында өздөрүнө тарапташтарды чогултуу боюнча күрөш десек болот. Муну жоготуу же тигилерди чыгарып салуу эмес. Өздөрүнө тарапташтарды кандайдыр бир идеологиясын карманган адамдардыбы, өздөрүнүн диний көз карашын карманган адамдарды көбөйтүү максатында. Азыркы кезде деле айтсак ар кайсыл жамааттын мүчөлүгүнө киргенби же анын ой-пикирин карманган адамдар бар. Биринчи кезекте жакшы ошондой жамааттар бир уюмда чогулуп, кандайдыр бир маселелерди чогуу чечкени. Муфтияттын ичинде чечип алганы туура да. Сырттан чечкенден көрө. Өзүңүздөргө деле белгилүү болуш керек, бир учурда мечитте эки жамааттын адамдары согушуп кеткен учурлар болгон. Ошондойлорду сыртка чыгарбай, Муфтияттын ичинде дини бир болгондуктан, Муфтияттын ичинде көз караштарынбы, пикирлеринби - чечип алганы туура.

Жамааттар муфтияттын ичинен эле чечип алат, булардын тиреши башка коомчулукка чыкпайт деген да абдан оор маселе. Биз адам экенбиз да бул жерде меники эле туура, калгандарыныкы туура эмес дегенде, эч нерсе чечилбейт. Мен ойлойм ар бирөө эле тынчтыкты каалайт. Кыргызстанга тынчтыкты, динибиздин өнүгүшүн каалайт, жакшылык, акыйкаттык, адилеттүүлүк орношун каалайт. Муну ар бир жамаат, ар бир топ каалайт болуш керек. Албетте бул биринчи кезекте лидерлерге, жамааттын башында турган жетекчилерге таасир этет. Көк беттенбей, ушундай окуя болуп калды, ушул окуядан кийин бир чекит коёлу. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып бир иштеп көрөлү. Эл да биз жөнүндө кандай гана сөздөрдү айткан жок деп тегерек столго отуруп Ислам динин өнүктүрүүгө, Кыргызстандагы диний маданияка салым кошсо болот.

Эсен Өмүракунов: Муфтият бул расмий аянтча. Ушул жерде канча жылдан бери түрдүү жамааттар атаандашып, кээде тирешип ошондой алакалардын негизгиси бири-бири менен алака түзүп диалогго барып, бири-бирин көтөрө билгенди үйрөнүп атышат. Эң негизгиси биз бул жерде жамааттарды да мамлекеттик органдарды да толугу менен жамандабашыбыз керек.

Мен иштеген кезде көрдүм ар бир жамааттын ичинде радикалдуу топтору бар. Радикалдуу дегенде кандай саясий амбициясы бар адамдар бар. Алар келет Муфтиятка окшогон жерлерге келип алака түзүп, диалогго өтө баштайт. Эң негизгиси чочубаш керек, алакалар болуп аткан бул табигый бир процесс катары караш керек. Эч бир коркунучу жок мунун. Мамлекет эң негизгиси өзүнүн рамкасынан чыкпай беренеге тиешелүү нерселерди кылыш керек. Мамлекеттин кээ бир убактарда ашкере кийлигишүүсү, мамлекетте иштеген кээ бир адамдардын ашкере кийлигишүүсү. 2010-жылдары жарым кримтөбөлдөр Муфтиятты айланып жүргөн кезде мамлекет жок болуп кеткен. Милиция балдар жүрчү, УКМКнын балдары жүрчү съемка кылып. Адамдар тирешип жатса да эч ким чара көргөн эмес. Ошондой бийликтин алсыраган учурлары болгон. Ошондуктан убагында мыйзамдуу чараларды колдонуп, мыйзам чегинен чыкпаганга аракет кылса эле мусулман жамааттар тирешпейт. Бара-бара топтор өз ордун табат.

Марс Ибраев: Денедеги ооруну мүмкүн болушунча денедеги иммунитет жеңгени жакшы болот да. Кыргызстандагы диний абалды да Кыргызстандын ичиндеги мусулмандар анын ичиндеги жамаатташуу. Жамаатташуу үчүн аларды бирөө жамаатташтырбайт. Ошол эле учурда адамдар бүт бардыгы бир максатты көздөп, ушундай топторго бөлүнөт. Булардан бир коркунуч келет деп ойлобош керек. Радикалдуусу боло турган болсо мыйзам турат, Муфтият турат. Ошолордун алдында чектен чыккан радикалдуулук болсо, өздөрүн-өздөрү иммунитет катарында койсо менин коркконум, чочулаганым ушул. Кээ бир диний иш-аракеттердин бардыгы ырбап кетишине эл арасында коркунучтуу болуп, кээ бир тараптардын көрүнүп калышына бүгүнкү күндө эксперт сөрөйлөрдүн, кээ бир маалыматтарды толук албай туруп ачыктай берген ММКнын өкүлдөрү, андан кийин диний чөйрөдө изилденбеген коомдук чөйрөдө эксперт болуп жүргөндөрдүн да терс таасири тийгизип атат деп ойлом. Себеби, жаматтардын Куран сүнөттөрдүн негизинде мазхаб бир боло турган болсо, өзүнүн эреже тартиптеринде эч кандай бири-бирине кирбейт. Тирешүү, күрөшүү деген сөздөрдү колдонбосок, бул саясий чөйрөдө колдонулат да. Диний чөйрөнүн ичинде бул тирешүү, күрөшүү эмес, бул жөн гана акыйкаттын жолунда кызмат кылуу. Муну жакшылыкта жарышуу деп айтсак болот. Ошондуктан бул жаатта мүмкүн болушунча туура кабыл алыш керек. Диний чөйрөдөгүлөр да, Муфтият да маалымат берүүдө ачык болуш керек.

Кыргызстандагы диний абалыбыз 30 жылдык тарыхыбыздагы эгемен элбиз да. Башка мамлекеттер менен салыштырмалуу демократиялык мамлекетте жашап атканыма мен сыймыктанам. Анткени демократиялык эрежелер сакталып атат, дин түзүү эркиндиги да бар. Ошондуктан балким ушул нерсе келип чыгып атат. Кээ бир авторитардык мамлекеттерде динди басып эле коёт. Диний маселелери жок бардыгы бир тараптын сөзүн сүйлөгөн болсо чындыгында диндин өзөктүү рухун бере албай калат. Ошондуктан дин бул саясий басымдын алдында кала турган система эмес да. Бул система да эмес. Бул Алла тааланын буйругу, адам баласынын жашоосу. Муну туура кабыл алышыбыз керек деген ойдомун.

(Талкуунун толук версиясын видеодон көрсөңүз болот)

Муфтият чыры жана дин саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 1:09:06 0:00

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG