Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Ооганстанда үч журналист кол салуудан каза болду


Иллюстарциялык сүрөт. (Ооганстан Герат шаары. 2021-жылдын 1-марты)
Иллюстарциялык сүрөт. (Ооганстан Герат шаары. 2021-жылдын 1-марты)

Ооганстанда эки кол салуунун натыйжасында үч журналист мерт болду. Өлкө чыгышындагы Желалабад шаарындагы атышуудан “Enikass TV” телеканалынын эки кабарчысы мүрт кетти. Бул окуяда дагы бир жайкын тургун көз жумду.

Ал эми үчүнчү журналист болсо Нангархар провинциясынын Касбех районундагы атышууда мерт болду. “Enikass TV” телеканалы кабарчылары өлгөнүн ырастады. Телеканалдын директор Залмай Латифи “алар кол салууга туш болгон учурда кеңсеге келе жатышкан”,-деп билдирди. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Былтыр жыл аягында «Enikass ТV» телеканалында иштеген Малала Майванд менен анын айдоочусун белгисиз адамдар атып кетишкен. Ал аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жаатындагы активист катары да белгилүү болчу. Кийинчерээк бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” террордук тобу алган болчу.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы 20 жылдык согушту токтотуш үчүн Катардын баш калаасы Дохада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы менен Ооганстанда чабуулдар токтой элек. Акыркы айларда журналист, диний ишмер, укук коргоо жана саясатчы сыяктуу коомго таанымал адамдарды атайлап өлтүрүү учурлары көп катталып жатат.

XS
SM
MD
LG