Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

Жогорку Кеңеш: Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун авторлору боюнча талаш жаралды (видео)


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 3-марттагы жыйынында Конституциянын жаңы долбоорун жазган авторлорду тааныштырууну талап кылды.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбеков авторлордун бири өзү экенин, бирок башкалар тууралуу маалымат бере албастыгын айтты. Ал парламенттик аппараттын техникалык кызматкерлери авторлор тууралуу маалыматты кагаз жүзүндө таратарын билдирди.

Анын алдында депутат Жанарбек Акаев да ушундай маселе көтөргөн.

Конституциянын долбоорун жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору парламенттин 3-марттагы сессиясында талкууланууда.

Депутаттар Дастан Бекешев, Ирина Карамушкина Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда элдин эркин чектеген жоболор бар экенин билдиришип, "кийин маселе жаралса ким жооп берет?" деген суроо коюшту.

Бир күн мурун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети аны биринчи окууда талкуулап, жактырган.

Парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.(SE)

XS
SM
MD
LG