Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Жергиликтүү шайлоо: убада жана кызыкчылыктар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыша турган партиялардын документтерин кабыл алуу аяктады.

Бишкекте 27, Ошто 10 партия арыз тапшырды. Эми 10 күн ичинде партиялар менен талапкерлердин документтери текшерилип, аларды каттоо же баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат.

Бишкек шаардык кеңешине аттанган партиялар

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин 27 партия билдирип, документ тапшырды.

Алар: «Кыргызстандын жашылдар» партиясы, «Ыйман Нуру», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт», «Социал демократтар», «Патриот», «Кыргызстандын элдик демократиялык» партиясы, «Шайлоо эркиндиги», «Ишеним», «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Ынтымак», «Замандаш», «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясы, «Реформа», «Биздин эл», «Ак Бата», «Кыргызстан жаштар прогрессивдүү» партиясы, «Улутман», «Кыргызстан», «Тынчтык», «Айкөл Кыргызстан», «Республика», «Элдик партия», «Элдик бийлик», «Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан» жана НДПК партиялары.

Бишкек шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун сөзүнө караганда, жетишпеген документтерди толуктап берүү үчүн партияларда 48 саат убакыт бар.

Кайрат Маматов.
Кайрат Маматов.

«Жетишпеген документтер болсо аларды алып келгенге убакыт берилет. Андан кийин партияларды каттайбыз. Ал бүткөндөн кийин шайлоонун үгүт иштери башталат».

Үгүт иштери 12-марттан 10-апрелге чейин жүргүзүлөт. Добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат. Бишкек шаардык Аймактык шайлоо комиссиясы партияларга кайрылып, шайлоого чейин эле алдын ала үгүт иштерин жасап, шайлоо мыйзамдарын бузбоого чакырды.

"Шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, кайсы бир партияга, талапкерге добуш берүүгө же каршы добуш берүүгө чакырык, партияны же талапкерди колдогонун ачык билдирүү, талапкердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат таратуу үгүт болуп эсептелет.

Шаардык кеңешке кимдер баратат?

Ишкер Аскар Салымбеков негиздеген «Эмгек» партиясын иниси Ырысбек Мааткабылов жетектейт. Партиянын катарында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Абиров бар.

Президенттик шайлоодо талапкер болуп чыккан Клара Сооронкулова, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов «Реформа» партиясы менен шайлоого катышканы калды.

Интернетте «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын айланасында талкуу жүрүп жатат. Партия ушул жылдын 26-февралында же кезексиз курултайы өтөрдөн эки күн мурун Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөн. Аны былтыр «Мекенчил» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан Айбек Маткеримов башкарат.

Партиянын Бишкектеги координатору болуп Жеңиш Токторбаев дайындалды. Ал буга чейин «Ата-Журт» партиясында иштеген.

Бул жолку шайлоого «Мекенчил» жана «Ата-Журт» партиялары катышпайт. Президент Садыр Жапаров өзү мурда мүчө болгон «Мекенчил» жергиликтүү да, парламенттик шайлоого да катышпай турганын айтып аны мындайча түшүндүргөн.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Административдик ресурс колдонулду деген сөздөн алыс бололу, мурункулардын катасын кайталабайлы дегендиктен («Мекенчил» партиясы - ред.) катышпайт деп чечтим. Парламенттик шайлоого да катыштырбайбыз. Мындан ары шайлоолор таза болот. Административдик ресурс колдонулбайт, добуш сатып алуу да болбойт. Жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке шайлоо таза өтөт».

Деген менен социалдык тармактарда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын бийликчил деген пикирлер айтылып жатат.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова буга чейин шайлоону таза өткөрүү тууралуу бийликтин убадасына ынаган эмес.

«Ким гана болбосун «шайлоо таза өтөт» дей берет. Бирок баары бир административдик ресурс колдонулат. Бийликтин партиясы «Мекенчил» шайлоого катышпайт деген менен бийликтин башка жаңы партиялары түзүлүп атат».

«Ата-Журт Кыргызстанды» президенттик шайлоодо талапкер болгон Бабур Төлбаев баштап баратат. Тизмеде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Талантбек Жамгырчиев, Рысбай Аматов, Бактыбек Алымбеков, Таалайбек Сурапбаев бар.

Парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынын шайлоо штабын жетектеген Эркин Баяманов «Ата-Журт Кыргызстан» жаңы партия экенин айтып, мындай деди.

«“Мекенчил” партиясы убагында Садыр Нургожоевичти колдогон. Садыр Нургожоевич «“Мекенчил” Жогорку Кеңешке да, жергиликтүү кеңешке да шайлоого катышпайт» деп айтып «ким кааласа башка партияларга кошулуп шайлоого бара бергиле» деген. «Сен бул партияга, сен тигил партияга бар» деп эч кимге тапшырма берген жок. «Мекенчил» партиясына иштеген, ага кирген балдар ар кайсы партияларга бөлүнүп кетишкен».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шайлоонун алдында «Ишеним» партиясы боюнча маалымат таратты.

Мекеме бул партияны өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов негиздегенин кабарлап, административдик ресурска байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү Абдураимовдун партияга тиешеси жок экенин маалымдады.

Юстиция министрлигинин сайтында жазылгандай «Ишеним» партиясы 2011-жылы түзүлгөн. Анын жетекчилеринин арасында Жарасул Абдураимов жана президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев да бар.

Партиялардын көзүн кызарткан Бишкек

Ал эми ушул тапта шаардык кеңеште иштеп жаткан КСДП, «Республика-Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынын ичинен «Республика» менен «Кыргызстан» гана шайлоого баратат.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов мурда-кийин парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо утуп чыгып кийин саясий өнөктүктөрдө жыдып калган партиялар тууралуу пикири менен бөлүштү.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

«Бул утурумдук гана кызыкчылык менен уюшулган саясий топтор экенинен кабар берет. Алар убагында жогорку кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, мамлекеттик административдик ресурсту колдонуп бийликке келишкен. Азыр эми ал ресурстан айрылгандан кийин шайлоого бара албай калышууда».

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо Кыргызстанда жаңы бийлик келгенден бери президенттик шайлоодон кийинки эле чоң саясий өнөктүк. Саясий эксперттер бул бийлик үчүн да, саясий күчтөр үчүн да парламенттик шайлоонун алдында сыноо экенин эскертип жатышат.

Дагы бир маселе миллиондон ашык калк жашаган, таштанды, жол, социалдык көйгөйлөр жылдап чечилбей келаткан Бишкекке саясий партиялар эмне үчүн өзгөчө маани берип, шаардык кеңешке шайлоо парламенттиктен кем эмес өтөт?

Саясат талдоочу Турат Акимов Бишкек биринчиден стратегиялык маанидеги шаар экенин айтып, дагы башка себептерин санап берди.

«Саясатчылар Бишкек шаардык кеңеши аркылуу Жогорку Кеңешке жол салат. Андан тышкары Бишкектеги мүлк байлыктарына, жер байлыктарына колу жетип турат. Тендерлерден утуп, бизнес долбоорлорун ишке ашырат. Анткени Кыргызстанда миллион калкы бар Бишкек менен Ош шаарлары эле бар. Акчанын баары ушул эки шаарда».

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. 28 шаардык кеңешке 61 саясий партия катышуу ниетин билдирди.

Бишкек шаардык кеңеши да, Ош шаардык кеңеши да 45 мандаттан турат. Шайлоодон утуп чыккан партиялар төрт жыл иштейт.

XS
SM
MD
LG