Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Бишкекте 2-4-класстар да мектепке барып окуй башташат

Бишкектеги мектептердин бири. 1-сентябрь, 2021-жыл.
Бишкектеги мектептердин бири. 1-сентябрь, 2021-жыл.

Бишкекте 9-марттан баштап 2, 3, 4-класстын окуучулары да мектепке барып окуй башташат. Мэриянын маалыматына караганда, мындай чечим эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын отурумунун жыйынтыгында кабыл алынды.

Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында Кыргызстандагы мектептер онлайн окутууга өткөн. 1-сентябрда 1-класстар мектепке барган.

2020-2021-окуу жылынын экинчи чейрегинде Бишкек шаарынан башка аймактардагы мектептер 1-6, 9, 11-класстарга ачылган. Андан кийин этап-этап менен башка класстар да бара баштаган.

Февралдан тартып Бишкекте 1, 5, 9, 11-класстын окуучуларына мектепке барып окууга уруксат берилген.

9-мартта бала бакчалар даярдоочу жана жогорку тайпадагы балдарга жана атасы же апасы гана тарбиялап жаткан жеткинчектерге эшигин ачат. Бирок ар бир тайпада баланын саны ондон ашпашы керек.

​
XS
SM
MD
LG