Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Садыр Жапаров: Эки мамлекеттин соода-экономикалык потенциалы толук пайдаланылбай жатат


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуусу. 2021-жылдын 2-марты. Нур-Султан шаары.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуусу. 2021-жылдын 2-марты. Нур-Султан шаары.

Президент Садыр Жапаров казак инвесторлорун Кыргызстанга акча салууга чакырды.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Жапаров мындай кайрылууну 3-мартта Нур-Султан шаарында Казакстандын ишкерлер коомчулугу менен жолугушууда жасады.

Ал коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан кризиске карабастан, былтыр Казакстандын түз инвестицияларынын көлөмү 9% көбөйгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, эки мамлекет Евразия экономикалык биримдигинин алкагында да өнөктөш. Бул жагдай казак ишкерлерине Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Президент Жапаров эки өлкөнүн соода-экономикалык потенциалы толук пайдаланылбай жатканын, товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулата турган мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты:

“Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биргелешкен жаңы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ЕАЭБди байланыштыруу менен “Бир алкак – бир жол” демилгесин, чек ара түйүндөрүн толук кандуу пайдалануу зарылдыгы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Биз муну толугу менен колдойбуз жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн катышуусунда биргелешкен дүң-логистикалык комплекстерди түзүү аркылуу Кыргызстан-Казакстан ортосундагы соода-транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даяр экенибизди билдиребиз”, - деди Жапаров.

Мамлекет башчысы алгачкы жарлыктардын бири ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүн коргоону күчөтүп, аларга мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн тыюуга багытталганын кошумчалады.

Суроо-жооп форматында өткөн жолугушууда Казакстандагы ондогон ири компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен 2-мартта барган. Сапар бүгүн аяктайт.

Бул – Кыргызстанда 2020-жылдын 5-6-октябрындагы бийлик алмашуудан кийинки Бишкек менен Нур-Султандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги дипломатиялык биринчи байланыш. (NT)

XS
SM
MD
LG