Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Жогорку сот Текебаевди мандатынан ажыратты


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Кыргызстандын Жогорку соту 3-мартта «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандаттын кайтарылып берилишине байланышкан ишти карады. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, жараянда Бишкек шаардык сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылды.

Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт. Муну менен Өмүрбек Текебаев мандатынан кайра ажыратылды.

Саясатчы 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандыкка айланып, бийлик алмашкандан кийин кайрадан депутат болгон.

Бирок жарандык активист Темирлан Ормуков Текебаевге "мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган" деген негизде сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту БШКнын мандатты кайтаруу тууралуу чечимин жокко чыгарган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырган.

Ал арада «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өзүнүн депутаттык мандатын партия лидерине ыйгаруу өтүнүчү менен БШКга арыз жазган. Боршайком арызды 15-октябрда карап, көпчүлүк добуш менен канааттандырып, ага мандат берилген.

БШК Текебаевге депутаттык мандатты кайтарып берүү мыйзамдуу болгонун белгилеп, быйыл 5-февралда Жогорку сотко даттанган. 3-мартта соттун жогорку инстанциясында ушул арыз каралып, канааттандырылган жок.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы "Мегаком" иши" боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Ишти кайра кароого жиберген. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда азыркы тапта алардын иши кайра каралып жатат.

Эки саясатчы тең өздөрүнө козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу катары баалап келишет. (NT/TSh)

XS
SM
MD
LG