Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Депутат Урумкалиева референдум дайындоо тууралуу долбоорго автор болуудан баш тартты


Чынара Урумкалиева
Чынара Урумкалиева

Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбооруна байланыштуу референдум дайындоо тууралуу долбоорго автор болуудан баш тартканын билдирди. Бул тууралуу ал 3-мартта парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Аталган мыйзам долбоору 2020-жылдын 17-ноябрында талкууга чыгарылып, 80 депутаттын аты-жөнү жазылган.

-Конституция бийлик менен элдин ортосундагы социалдык келишим экенин эске алып, анын үстүнө бул мыйзам долбоорун коомчулук терс кабыл алганын эске алып, эртеби-кечпи жарылууга алып келбесин деп, 2020-жылдын 20-ноябрында президенттин №45 жарлыгы менен Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Сиздерге нобярь айында 80 депутат кол койгон Конституциялык мыйзамдын долбоорун окуп берейин. Демилгечи топ аны "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу" деп атаган. Жарлык боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө деп эле турат. Демек, бул жаңы конституциялык долбоор. Кайрадан 80 депутаттын демилгеси деп киргизүүгө туура келип атат. Ушуга көңүл буруп коюуңуздарды өтүнөм, - деди Урумкалиева.

Чынара Урумкалиева Кыргызстан социал-демократиялык фракциясынан депутат.

Андан мурда дагы бир депутат - "Республика - Ата-Журт" фракциясынан Айгерим Бешимбаева Конституциянын жаңы долбоору жана референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбооруна автор эмес экенин айтып, колтамгасын чакыртып алган.

Конституциянын долбоорун жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору парламенттин 3-марттагы сессиясында талаш-талкуу менен каралууда.

Документти 2-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети биринчи окууда талкуулап, жактырган.

Парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган Конституциянын жаңы долбоорун бийлик апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG