Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Күйүүчү майды сыртка ташууга убактылуу чектөө киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун 2-марттагы чечими менен күйүүчү майды ЕАЭБ алкагынан тышкары сатууга тыюу салынды.

Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул мунайдын ички базардагы таңсыктыгына жол бербөө максатында көрүлгөн чара.

Чечимге ылайык, күйүүчү майды өлкөдөн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн башка мамлекеттерге темир жол, унаа жолу менен ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды.

Өлкөдөн тышка чыккан автоунааларга бензобактагы күйүүчү майдан тышкары дагы 20 литрге чейин күйүүчү май алуусуна уруксат берилет.

Чечимдин аткарылышына Мамлекеттик бажы кызматы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, Чек ара кызматы, Транспорт жана жол министрлиги көзөмөл кылат.
Чечим кол коюлган убактан тартып күчүнө кирди.

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы жыл жаңыргандан бери 14 пайызга, башкача айтканда 10 сомго кымбаттады. Мунай сатуучулар баанын көтөрүлүшү Орусиядан көз каранды болуп жатканын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG