Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Жапыкеев жетектеген Финансы полициясы жоюлду


Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын башкы имараты. Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын башкы имараты. Бишкек шаары

Өкмөт Финансы полициясын толук жойду. Мурдараак ал өз алдынча мекеме катары кыскарып, жаңыдан куралган Финансы жана экономика министрлигинин курамына кошулган эле.

Каржы полициясын антип башка министрликке бириктирүүдө анын өзүн-өзү актабай калганы жана жазалоочу органга айланганы менен түшүндүрүшкөн. Бирок бул кадам коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратты.

Жоюу жүйөсү жана карама-каршы пикирлер

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын же кыскарта айтканда Финансы полициясын жоюу жөнүндө чечимдин Өкмөт тарабынан кабыл алынганы 5-мартта расмий кабарланды.

Өкмөт аппаратынан кабарлашкандай бул жөнүндөгү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Расмий түшүндүрмөдө Кыргызстандын көмүскө экономикасынын деңгээли 130 миллиард сомду же болбосо ички дүң өнүмдүн 23,6% түзөөрү мисал келтирилди. Расмий эмес эсептерде болсо бул көрсөткүч 24-43% чейин жетээри айтылып, бул аталган органдын өзүн актабаганынын мисалы катары мүнөздөлдү.

Өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толкун Камчыбекова «Азаттыкка» буларды билдирди:

Толкун Камчыбекова.
Толкун Камчыбекова.

«Бул Финансы полициянын кызматынын талаптагыдай иштебегендигинен кабар берет. Мындан тышкары, көз карандысыз эксперттерден жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жаатында бул органдагы коррупция, ошондой эле, анын жеке ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүүсү боюнча нааразычылыктар келип түшүүдө. Финансы полициясы экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүдөн тышкары алдын-ала божомолдоо, ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле, жеке ишкердик субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү. Бирок, бул орган бүгүнкү күндө жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрбөстөн, жазалоочу функцияларды гана аткарып калган», - деди ал.

Мурдагы премьер-министр Боронов сурак берүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Кеп болуп жаткан органды жоюу жөнүндө сөздөр мурдатан айтылып келгени менен, маселе быйыл жыл башында президенттик шайлоодо Садыр Жапаров утуп чыккандан кийин актуалдашкан. Ал сунуштаган премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жаңыланган түзүмүн сунуш кылганда, анын курамында Финансы полициясы жок болуп чыккан.

Коомчулукта бул орган Ички иштер министрлигине кошулары жөнүндө маалымат тараганда өкмөт маселе чечиле электиги жөнүндө кабарлаган. Буга байланыштуу Финансы полициясынын мурдагы кызматкерлери Бишкекте жана Ошто басма сөз жыйындарын өткөрүшкөн.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башына келген Сыймык Жапыкеев «Фейсбуктагы» баракчасында ошол учурда мындайча пост калтырган.

Жапыкеевдин 2-февралдагы посту.
Жапыкеевдин 2-февралдагы посту.

3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн курамын жана түзүмүн коргоп жатып премьер-министр Улукбек Марипов бул орган жаңы куралган Экономика жана финансы министрлигине кошуларын маалымдаган. Айткандай эле, анын 12-февралдагы токтомуна ылайык Финполиция аталган министрликке кошулган. Бирок, бир ай өткөн соң жаңы токтому менен органды түп орду менен жоюп жатат.

Коомдук ишмер Жылдызбек Турганбаев өкмөттүн соңку чечимин кубаттоого алып, анын себептерине токтолду:

Жылдызбек Турганбаев.
Жылдызбек Турганбаев.

«Мен оптимизациянын алкагында Финансы полициясын, Чалгындоо кызматын жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын кошуп коюшса керек деп ойлогом. Булар бири-биринин ишин эле кайталайт, бир орган болсо деле болмок. Негизи Финполиция коррупцияны жоюну эмес, алдын алуу иштерине басым жасаш керек болчу. Биз Матраимовду же башкаларды кармадык деп жатканыбыз менен жемкорлук системасы ошол бойдон эле калды да. Эч нерсе өзгөргөн эмес. Андан да өкүнүчтүүсү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы деп атап алышканы менен ушулардын өздөрүнүн жетекчилери экономикалык кылмыштар менен алектенип келгенин көрүп жатпайбызбы. Финполициянын мурдагы башчысы, эки орун басары кармалды, кечээ Бишкек шаардык башкармалыгы ири суммада акчаны адалдоо боюнча айыпталды. Мурда болсо өрдөк эти боюнча ызы-чуу болгон. Акыркы мезгилде болсо ишкерлердин мойнуна минип алышты, улам текшеришет, акчасын алышат, «крышалык» кылышат. Ошондон улам бул кызматтын жоюлганы деле туура болуп калды. Менимче, эми бул тармактагы иликтөөлөрдү Ички иштер министрлигине берип койсо болот, аларда ансыз да мурда ушул боюнча бөлүм бар болчу».

Бул жолку аракет боюнча Сыймык Жапыкеев билдирүү тарата элек, «Азаттык» андан жана мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурдан комментарий ала алган жок.

Бирок ошол эле учурда коомчулукта Финансы полициясынын жоюлушун сынга алгандар дар бар. Бул аракетти айыптагандар экономикалык кылмыштарды иликтөө башка органдарга өтсө, ал коррупциялык тобокелчиликтерди жаратарын белгилешет. Кээ бирлер башка органдардын кызматкерлери экономика менен финансыны түшүнбөгөндөн улам да тергөө жүргүзө албай турганын белгилешет.

Финансы полициясын 2010-жылы башкарган саясатчы Эркин Булекбаев мындай пикири менен бөлүштү:

Эркин Булекбаев.
Эркин Булекбаев.

«Кезинде, менин алдымда Финполицияны Муйбиллаев жетектеген учурда бир жылда бюджетке 234 млн. сом түшүргөн. Мен мекемени башкарган он айда казынага 1 млрд. 475 млн. сом чогулткан элем. Бирок акыркы он жылда бул кызмат эффективдүү иштебей калды, соңунда жетекчилери өздөрү кылмышка шектелип кармалды. Мына ушул жагдай анын жоюлушуна алып келип койду, тилекке каршы. Бирок мен муну туура эмес деп эсептейм. Жетекчиликтери ката кетирсе эле кызматты жоюп салган орунсуз. Жазык кодексинде да «Экономикалык кылмыштар» деген түшүнүк бар, баары бир мына ушуну иликтеген орган болушу керек. Аларды болсо кесипкөй финансисттер, салыкчылар жана юристтер иликтеши керек. Азыр болсо туңгуюкка кептелип калды. Ички иштер министрлигине берсе, же башка органдарга берсе, аларды кайрадан даярдап чыгыш керек болот».

Арийне, акыркы мезгилде Финансы полициясынын жетекчилик кызматтарындагылардын кармалышы катар-катар орун алды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагалыгынан былтыр октябрь айларында кеткен Бакир Таиров ошол эле жылы 10-декабрда кармалган. Эртеси күнү Биринчи май райондук соту аны 2-февралга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Ал 2020-жылы октябрдагы парламенттик шайлоо убагында мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деп шектелген. Быйыл 17-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Таировдун бөгөт чарасын өзгөртүп, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотту.

Былтыр ошондой эле Таировдун орун басары Эмил Жамгырчиев кармалып, быйыл үй камагына чыкты. Ага аткезчилик боюнча айып тагылган.

Аз күн мурда болсо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 59,5 млрд. сомду өлкөдөн чыгарууга байланыштуу Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Казабеков кармалганын билдирген. Факты 2020-жылдын март айынан октябрга чейин болгону, 500 млн. сомдон ашык салык алынбай калганы маалымдалган.

Органдын тарыхы жана текшерүүлөрдүн күчөшү

Финансы полициясынын тарыхы эгемендик алган жылдарга барып такалат. Биринчи президент Аскар Акаевдин 1993-жылдын 19-февралындагы жарлыгы менен Салык инспекциясынын алдында салыктык мыйзам бузууларды алдын-алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча атайын бөлүм түзүлгөн. Ага ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдарынан кызматкерлер бөлүнгөн.

1994-жылы ушунун базасында Салык полициясынын департаменти өзүнчө органга айланып, анда 746 штат ачылган. Мекеме 1995-жылы кайра Салык инспекциясына кошулуп, 2000-жылы Финансы министрлигине түз баш ийген Финансы полициясы башкармалыгы уюшулган. 2005-жылы орган Финансы полициясы кызматы, деп аталып, өкмөт түз баш ийе баштайт. 2007-жылы «кызматы» деген сөз түшүп, жөн гана Финансы полициясы деген аталыш алат. 2008-жылы кайрадан «кызмат» деген, 2010-жылы «мамлекеттик» деген сөз айкаштары кошулат.

2012-жылы болсо аталыш толугу менен өзгөрүп, мекеме Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат деп өзгөрөт. Бирок аталышында дайыма "Финансы полициясы" деген сөз кошо жүрөт. 2016-жылы Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтан, Мамлекеттик бажы кызматынан - экономикалык категориядагы кылмыш иштерин тергөө боюнча функциялар алынып, биротоло ушул органга берилген.

Органдын соңку жетекчиси Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын 10-декабрында Башкы прокуратурага караштуу коррупцияга каршы туруу боюнча Координациялык кеңештин жыйынында өзү башкарган мекемеде кызматкерлер жетишпей жатканын билдирген. Сыймык Жапыкеев белгилегендей, учурда алардын мекемесинде жалпы 85 тергөөчү болсо, анын 30у башкы аппаратта иштейт.

Сыймык Жапыкеев.
Сыймык Жапыкеев.

«Бизде бир кызматкерге 60-70тен, болбосо 90-100дөн иш туура келип жатат. Ушундан улам тергөө иштеринин сапаты жоголуп жатат. Натыйжада ал жалпы жыйынтыкка залал келтирүүдө»,-деген ошол учурда Жапыкеев.

Мекеменин башчысы кеңештин жыйынында кабарлагандай Финансы полициясы 2020-жылдын 11 айында 5 987 сотко чейинки териштирүү ишин кабыл алган, анын ичинен 1 792 иш коррупцияга байланыштуу болгон.

Бирок бизнес тармагындагы ассоциациялар жана аларга юридикалык колдоо көрсөткөн институттар акыркы жыл ичи укук коргоо органдары тараптан ишкерлерди жана бизнес чарбаларды текшерүү күчөп кеткенин сындап келишет.

Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчы институту текшерүүлөр кеминде үч эсе арбыганын билдирип, акыркы мезгилде УКМК, Финполиция жана башка органдар ири бизнес объектилерин жаап салганын айыптап чыккан.

Мурдагы экономика министри Жеңишбек Байгуттиев да ушул эле органдардын текшерүүлөрү жалпы жагдайга таасир этти деп эсептейт:

Жеңишбек Байгуттиев.
Жеңишбек Байгуттиев.

«Бизде инвесторлорго, ишкерлерге колдоонун ордуна, тескерисинче текшерүүлөрдү күчөтүп жатабыз. Өкмөт өзүнчө, укук коргоо органдары репрессивдүү аракеттер менен өзүнчө иштеп жаткандай таасир калтырат. Алар баарын коркутуп, айыппулдарды салып, жаап, экономикалык субъектилердин, ишкерлердин ишенимин азайтып жатат. Ошондуктан бизде жакын арада ички инвестициялар өспөйт. Тышкы инвестициялар да азаят. Экономиканы жандантабыз десек текшерүүлөрдү кескин токтотуш керек».

Мамлекеттин жаңы башчысы Садыр Жапаров президент катары кабыл алган алгачкы беш жарлыгынын бири ишкерликти колдоого багытталды. Ал менчикти жана ишкерлерди, инвесторлорду коргоого байланыштуу. Жапаров 4-мартта «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» да жарлыкка кол койгон. Мында текшерүүлөрдү азайтуу маселеси камтылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG