Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Кыргызстан «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына кошулду


Бишкек шаарында талаштуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын талап кылган митинг, 5-октябрь, 2020-жыл.
Бишкек шаарында талаштуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын талап кылган митинг, 5-октябрь, 2020-жыл.

“Freedom House” уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошту. Уюмдун 3-мартта жарыяланган баяндамасына ылайык, дүйнө жүзүндө жарандык эркиндик 15 жыл катары менен начарлап, "эркин эмес" мамлекеттердин саны көбөйүп бара жатат.

Кыргызстан 11 упайын жоготту

“Freedom House” уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик-2021” аттуу жаңы баяндамасы өткөн жылы Кыргызстанда жарандардын саясий укугу жана эркиндиги начарлап кеткенин көрсөттү. Жаңы жарыяланган рейтингде Кыргызстандын көрсөткүчү 11 упайга төмөндөдү (2019-жыл: 100дөн 39 упай / 2020-жыл: 28 упай).

Мындай упай менен Кыргызстан 2009-жылдан бери биринчи жолу “жарым-жартылай эркин” деген макамынан ажырап, Борбор Азиядагы “эркин эмес” төрт мамлекеттин катарына кошулду. Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү бир жыл ичинде эң көп упай жоготкон мамлекет болуп калды.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан уюм буга өткөн жылдын октябрь айында бийликтин алмашуусу менен коштолгон окуялар себеп болгонун билдирди.

«Көп кемчиликтери бар парламенттик шайлоодон кийинки жагдай олуттуу саясий күч колдонуу жана коркутуу менен коштолгону үчүн Кыргызстандын макамы “жарым-жартылай эркин” дегенден “эркин эмес” деген статуска төмөндөдү», - деп айтылат баяндамада.

“Freedom House” өз баяндамасында Кыргызстанда 5-6-октябрдагы окуялардан кийин таанымал адамдар абактан бошотулганын, өткөөл өкмөт түзүүнү көздөгөн оппозициялык топтор коркутууга жана чабуулга кабылганын белгилеген.

Ошондой эле уюм март-апрель айларында COVID-19 пандемиясы маалында блогерлер, журналисттер жана дарыгерлер коронавируска каршы көрүлгөн чараларды сындаганы үчүн кечирим суроого аргасыз болгонуна, июль айында укук коргоочу Азимжан Аскаров абакта пневмониядан көз жумганына да көңүл бурган.

Кыргызстандын жаңы жетекчилери октябрь окуяларынан кийинки өзгөрүүлөр элдин мүдөө-максатына туура келерин билдирип, бийлик алмашуу мыйзам чегинде ишке ашканын белгилеп келет. Ошондой эле президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү өлкөдө жарандык эркиндиктер, анын ичинде сөз эркиндиги корголот деп убада берүүдө.

«Сөз эркиндигин толук коргоого мен өзүм да ынтызармын. Сөзсүз түрдө коргойм. Эгерде сиздерге кандайдыр бир куугунтук болуп аткан болсо болушам», - деп билдирген Жапаров президенттик шайлоодогу жеңишинен кийин.

“Freedom House” жыл сайын дүйнөнүн 195 өлкөсүндө жана 15 аймагында саясий укуктар жана жарандык эркиндик кандай сакталып жатканын талдап, анын натыйжасында “Дүйнөдөгү эркиндик” аттуу баяндамасын жарыялап келет.

Кыргызстан бул уюмдун тизмесине 1991-жылы “жарым-жартылай эркин” деген макам менен кошулган. 2000-жылга чейин бул статусун сактап келип, Аскар Акаевдин бийликтеги акыркы беш жылында “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кирген.

“Жоогазын ыңкылабынын” илеби менен кайра “жарым-жартылай эркин” өлкөгө айланып, Курманбек Бакиевдин бийликтеги акыркы жылында бул макамынан ажыраган. 2009-жылы Кыргызстандын “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошулушуна ошол жылы Бакиевдин экинчи мөөнөтүнө шайланып келишине жол ачкан талаштуу президенттик шайлоо жана жарандык эркиндиктин чектелиши себеп болгон.

Демократия менен авторитаризмдин күрөшү

“Freedom House” уюму билдиргендей, дүйнө жүзүндө жарандык эркиндиктин абалы 15 жыл катары менен начарлап жатат жана быйыл Кыргызстан сыяктуу “эркин эмес” деп мүнөздөлгөн өлкөлөрдүн саны эң жогорку чегине жетти.

Маселен, 2005-жылы дүйнөдө “эркин” мамлекеттердин саны 89 болсо 2020-жылы алардын саны 82ге түштү. Тескерисинче акыркы 15 жылда “эркин эмес” өлкөлөрдүн саны 45тен 54кө көбөйдү. 2020-жылдагы коронавирус пандемиясы, экономикалык кризис жана ар кыл чатактар абалды ого бетер оорлоштурган.

Натыйжада өткөн жылдын жыйынтыгы менен эркиндик рейтингинде 73 мамлекеттин позициясы төмөндөгөн. Алардын катарында Кытай, Беларус жана Венесуэла сыяктуу авторитардык мамлекеттер гана эмес, АКШ, Индия сыяктуу адатта эркин деп эсептелген өлкөлөр да бар.

Маселен, Индия бийликтин адам укуктарын чектеген чечимдеринен улам улам “эркин” деген макамынан ажырап, “жарым-жартылай эркин” мамлекет болуп калды. АКШнын көрсөткүчү негизинен мурдагы президент Дональд Трамптын администрациясынын саясатына байланыштуу үч упайга төмөндөгөн.

Минск шаарында Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган митинг, 16-август 2020-жыл.
Минск шаарында Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган митинг, 16-август 2020-жыл.

Беларус Кыргызстандан кийинки эң көп упай (-8 упай) жоготкон экинчи өлкө болуп калды. Буга Александр Лукашенконун бийлигинин август айындагы талаштуу президенттик шайлоодон кийин көчөгө чыккан демонстранттарга күч колдонгону жана аларды куугунтукка алганы себеп болду.

«Демократиянын коргоочулары авторитардык душмандарына каршы күрөшүндө чоң жоготууларга учурады. Эл аралык баланс тирания тарапка ооду. Бийликтеги лидерлер оппоненттерин басуу жана өч алуу үчүн күч колдонушту. Эл аралык коомчулуктун колдоосу жетишпеген кыйын абалдагы активисттер түрмөгө камалып, кыйноого кабылышты жана киши колдуу болушту», - деп белгиленген баяндамада.

Мындан тышкары эл аралык уюм Орусиядагы "бурмаланган референдум" президент Владимир Путиндин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачканын, Кытай “коронавирус эпидемиясын жаап-жашыруу үчүн глобалдык деңгээлдеги дезинформация жана цензура өнөктүгүн күчөткөнүн” билдирген.

Ошондой эле Грузияда кемчиликтер менен коштолгон парламенттик шайлоо саясий кризисти тереңдетип койгонун, Азербайжандын Тоолуу Карабактагы аскердик аракеттери Арменияда соңку жылдары жетишилген демократиялык жылыштарга коркунуч туудурганын белгилеген.

Ошентсе да уюм дүйнөдө артка чегинүүлөр катталганы менен демократиячыл күчтөр өжөрдүгүн көрсөтүп, өз укуктары үчүн күрөшүп жатканын оң көрүнүш катары баалаган. Маселен уюмдун маалыматы боюнча, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө журналисттер бийликтин куугунтугуна карабай иликтөөлөрүн улантып жатат жана активисттер өкмөт өкүлдөрүнүн демократияга туура келбеген аракеттерин ашкерелеп келишет.

“Биздин баяндама тыянак чыгаргандай, азыр дүйнөдө демократия кыйын абалда турат, бирок жеңилүүгө дуушар болгон жок”, - деп билдирди “Freedom House” уюмунун башчысы Майкл Абраимович.

Баяндамада бир жыл ичинде жылыш жасаган өлкөлөр тууралуу да сөз болот. Маселен, өткөн жылдын жыйынтыгы менен Түндүк Македония демократиялык баалуулуктарды коргоо жаатында жакшы жыйынтык көрсөткөндөрдүн сап башына чыкты Сейшел аралдары да шайлоо мыйзамдарын жакшыртканы үчүн “эркин” деген макамга ээ болду.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG