Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

Беларуста активисттин өлүмүн ашкере кылган дарыгер жана журналист соттолду


 Катерина Борисевич сот залында
Катерина Борисевич сот залында

Оппозицияны активдүү өкүлү Роман Бондаренконун өлүмү тууралуу маалымат таратканы үчүн Беларус соту дарыгер Артем Сорокин менен журналист Катерина Борисевичти кести.

"Тез жардам" кызматынын дарыгери Сорокин 2 жылга, ал эми www.tut.by маалымат сайтынын кызматкери Борисевич 6 айлык абакка соттолду.

31 жаштагы Роман Бондаренко Минскиде былтыр 11-ноябрда табышмактуу жагдайда каза болгон. Ал күнү шаардын короолорунун биринде оппозициянын символу болгон ак-кызыл ленталарды чечип салып жаткан адамдардын жанына Бондаренко барып, эмне болуп жатканына кызыккан. Ал беткап тагынган адамдар Бондаренкону ошол жерден кармап кетишкен. Кийин ал ур-токмоктон ууккан абалда ооруканага түшүп, эсине келбей жатып жан берген.

Александр Лукашенко Бондаренко жаңжалга мас абалында аралашып каза болгонун айтса, Беларустун Тергөө комитети активист жергиликтүү тургундар менен болгон мушташтан көз жумганын билдирген.

Ошол эле маалда былтыр ноябрда дарыгер Артём Сорокин менен Катерина Борисевич активист Роман Бондаренконун өлүмү боюнча расмий бийлик айтып келаткан версияны жокко чыгарышкан. Ага далил катары TUT.BY сайтына маркумдун ооруканадагы алгачкы кароодогу документи жарыяланган. Анда активисттин спирт ичимдигин ичпегендиги далилденген.

Ошондон кийин Сорокин менен Борисевичке медициналык сырды ачыкка чыгарды деген айып тагылган. Беларус оппозициясынын өкүлдөрү Роман Бондаренконун өлүмүнө күнөөлүүлөр азыркы учурга чейин кармала электигин жана ал күч кызматкерлеринин ур-токмогунан каза тапканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG