Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Референдум жөнүндөгү долбоорго камактагы депутаттын добуш бергени суроо жаратты


Дүйшөн Төрөкулов.
Дүйшөн Төрөкулов.

Жогорку Кеңештин депутаты, коррупцияга шек саналып камакка алынган Дүйшөн Төрөкулов парламент жыйынына катышпай туруп, референдум өткөрүүнү колдоп "добуш берди".

Депутат Жанарбек Акаев добуш бергендер тууралуу тизменин сүрөтүн "Фейсбукка" чыгарды. Анда Төрөкулов мыйзам долбоорду колдогону көрүнүп турат.

Сессияда депутат Дастан Бекешев жыйынга катышпаган депутаттардын атынан добуш бербөөгө чакырган. Бирок башкалар үчүн добуш берген учурлар катталганын "Азаттыкка" билдирди:

"Менин сунушумду укпай эле башкалар үчүн добуш беришти".

Бекешев башкалар үчүн добуш берген кызматташтарынын видеосун Интернетке жарыялады.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды.

Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш беришти, 21и катышкан жок.

Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып 15-январда кармалган. Сот анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алынган. Азыр депутат Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурат.

Жанарбек Акаев "Фейсбукка" чыгарган маалымат.
Жанарбек Акаев "Фейсбукка" чыгарган маалымат.

Конституциянын жаңы долбоорун бийлик 11-апрелде референдумга койгону жатат. Документ парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.

Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

3-мартта парламенттин жыйынында референдумга байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулоо талаш-тартыш, сын-пикир менен коштолду. (SE)

XS
SM
MD
LG