Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Булак: Камакка алынган Кубанычбек Жумалиев менчик ооруканада дарыланууда


Жогорку Кеңештин депутаты, коррупцияга шек саналып кармалган Кубанычбек Жумалиев Бишкектеги менчик ооруканалардын биринде дарыланууда.

Бул тууралуу "Азаттыкка" бейтапканадагы ишенимдүү булактар билдирип, депутат кан басымы жана жүрөк оорусунан улам жатканын айтышты.

Адвокат Бакытбек Жумашевден бул маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы комментарий берилбей турганын билдирди.

Жумалиевди УКМК 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кармап, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга, 4-апрелге чейин камакта калтырган.

Ал Эл аралык медициналык университетке лицензия алууда, ошондой эле, кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштырууда, салык жашырууда, мыйзамсыз баюуда алдын ала аныкталган шек саноонун негизинде айыпталууда.(SE)

XS
SM
MD
LG