Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Жумалиевдин жактоочусу шаардык сотко кайрылды


Кубанычбек Жумалиев (Архивдик сүрөт)
Кубанычбек Жумалиев (Архивдик сүрөт)

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч Бишкек шаардык сотунда ушул аптада каралат. Бул тууралуу 15-февралда “Азаттык” радиосуна депутаттын адвокаты Бакытбек Жумашев билдирди.

Жумашев ошондой эле социалдык түйүндөр аркылуу видеобилдирүү таратып, Кыргызстанда "мыйзамдар бир кылка иштебей жатат" деген оюн айтты:

“Эмне үчүн биздин мыйзам бирдей эмес, ар бир жаранга бирдей иштебейт. Ошондой эле коррупция боюнча айыпталгандар үй камагына чыгарылып, иштерин кылып жатышат. Кубанычбек Жумалиев боюнча далил болбогондон кийин аны изоляторго жаппай, аксакал деп үй камагына чыгарып коюшса болмок”.

Жумалиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кармап, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 2 айга, 4-апрелге чейин камакта калтырган.

Ал Эл аралык медициналык университетке лицензия алууда, ошондой эле, кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштырууда, салык жашырууда, мыйзамсыз баюуда алдын ала аныкталган шек саноонун негизинде айыпталууда.(RK)

XS
SM
MD
LG