Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

УКМК Калиева Тартип комиссиясынын ишине жолтоо болуп жатканын билдирди, Жогорку сот аны четке какты


Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

Улуттук коопсуздук комитети 3-мартта Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Тартип комиссиясынын ишине тоскоол болуп жатканын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында "Жергиликтүү сот" долбооруна байланыштуу коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында былтыр декабрда Башкы прокуратура Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга уруксат берүү тууралуу өтүнүч менен кайрылганы айтылат. Бирок Калиева ар кандай шылтоо менен иштин Тартип комиссиясында каралышын создуктуруп жатканы белгиленген.

Жогорку соттун басма сөз кызматы ушул эле күнү УКМКнын билдирүүсүнө жооп кайтарып, Калиева ишти создуктуруп жатат деп айтылгандарды четке какты. Тартип комиссиясынын жыйыны төрайымдын оорусуна байланыштуу, дарыгерлердин маалымкатынын негизинде болбой калганын кабарлады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 24-декабрда «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Калиева өзү 29-декабрда «Азаттыктын» түз эфиринде сүйлөп жатып Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Жогорку соттун каржылык документтери текшериле баштаганын, бирок анын айткандарына далил табылбай жатканын жарыялаган. Ал Жогорку сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан, ага кийлигишүү болбогонун жана жеке өзү эч кандай документке кол койбогонун билдирген.

Быйыл 5-февралда атайын кызмат Калиева дагы бир доого кабылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатканын кабарлаган. Жогорку соттун басма сөз кызматы муну куру доомат деп атаган. (NT)

XS
SM
MD
LG