Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Үч журналистти өлтүрүү жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" өзүнө алды


Ооганстандагы акыркы кол салуудан жараат алгандар. 2021-жылдын 2-марты.
Ооганстандагы акыркы кол салуудан жараат алгандар. 2021-жылдын 2-марты.

Ооганстандын чыгышындагы телеканалдын үч кызматкеринин өлүмү үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу алды. Уюмдун ооган бөлүмү согушкерлер 2-мартта Нангархар провинциясындагы чабуулду уюштурушканын билдирди.

Enikass TV каналында иштеген 18-20 жаштагы кыздар жакында эле мектепти аяктаган болчу. Аларды жумушунан үйүнө баратканда атып кетишкен. Декабрда ушул эле террордук топ Enikass TVда иштеген алып баруучу айымды жана анын айдоочусун өлтүрүшкөн эле.

Соңку айларда Ооганстанда журналисттерге, жарандык активисттерге жана расмий бийликтин өкүлдөрүнө жасалган кол салуулар күч алды.

Укук коргоочулар билдиргендей, чабуулдар өлкөдөгү жарандык коомдун оозун жабууга багытталган. Ушул тапта Ооганстандагы дээрлик 20 жылга созулган согушту токтотуу максатында «Талибан» кыймылы менен расмий Кабулдун ортосунда сүйлөшүүлөр Катарда жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG