Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Өзгөндө "Аллаху акбар" деп асманга ок аткандардын тек-жайы аныкталды


Оштун Өзгөн районунда "Аллаху акбар" деп кыйкырып, асманга ок аткан уландардын тек-жайы аныкталды. Милиция аларды таап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев "Азаттыкка" билдирди.

Балдар ок аткан видеотасма 1-мартта Whatsapp аркылуу тараган. Алар Эркин-Тоо айылынын тургандары экени, видео өткөн жылдын сентябрында тартылганы аныкталды.

Милиция тасмадагылардын биринен 17 жаштагы уландан 12-калибрлүү Х 3575818 Е сандуу кундагы жок куралы алынганын кабарлады.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен катталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

-Баласына ок атуучу куралды бергени жана аны мыйзамсыз сактаганы үчүн ата-энесине айып пул салынат. Балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө бошотулду, - деди Аширбаев.

XS
SM
MD
LG