Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Демократия индекси: Кыргызстан артка чегинди


Садыр Жапаровдун президенттик шайлоо алдындагы эл менен жолугушууларынын биринде тартылган сүрөт.
Садыр Жапаровдун президенттик шайлоо алдындагы эл менен жолугушууларынын биринде тартылган сүрөт.

Лондондо жайгашкан “The Economist Intelligence Unit” уюму чыгарган демократия индексине ылайык, “Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө авторитардык эмес жападан жалгыз өлкө, бирок авторитаризмге жакындап бараткан мамлекет” деп мүнөздөлдү.

Анда Кыргызстан бир жыл мурдагы көрсөткүчтөн алты тепкич артка кеткени белгиленген.

Отуз жыл мурдагы кыялдар...

Жашы сексенге таяп калган коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев Кыргызстанда толук демократия орнобой келатканына өкүнөт. Ал 1990-жылдын 26-майында “Кыргызстан демократиялык кыймылын” түптөгөн активисттердин катарында болгон:

«Токсонунчу жылдардын башында биз кыялданган эгемен Кыргызстандын Баш мыйзамы даярдалып жатканда ой-пикирлерибизди жазганбыз. Отуз жыл аралыгында Кыргызстан чыныгы демократиялык мамлекетке айлана алган жок».

Топчубек Тургуналиев
Топчубек Тургуналиев

Тургуналиевдин айтымында, сөз эркиндиги жана көп партиялуулук жаатында кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу өзгөчөлүк болгонуна карабай, демократиялык баалуулуктар коомго толук сиңген жок.

«Чыныгы демократиялык мамлекетте адамзаттык да, улуттук да баалуулуктар сыйланышы керек эле. Андай болбой жатат. Чыныгы демократиялык мамлекетке айланыш үчүн эки негизги шарт керек. Биринчиси - бүтүндөй калайык калкка демократиялык аң-сезим керек. Биздин коомдо ал толук калыптана элек. Экинчиси - бийлик башындагылар демократияны түшүнүшү абзел. Тилекке каршы, андай түшүнүк жок».

Тургуналиев саясий чөйрөнү олигархтар жана бийликтин тааныш-билиштери ээлеген коомдо демократия калыптанбай турганын белгиледи. Ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн Кремлдин гана көзүн караган бир тараптуу саясаты да демократиянын беделин түшүрүп жатканына кабатыр.

Дүйнөлүк рейтинг


Британиядагы "Economist Group" компаниясынын “The Economist Intelligence Unit” изилдөө жана талдоо жүргүзүүчү бөлүмү чыгарган 2020-жылга карата дүйнө өлкөлөрүнүн демократиялык рейтингинде Кыргызстан 167 мамлекеттин арасынан 107-орунду ээледи. Бир жыл мурда ал 101-тепкичте эле.

«Кыргызстанда октябрдагы оңунан чыкпай калган парламенттик шайлоо өлкөдөгү демократиялык принциптердин туруктуу бузулушун/эрозиясын андан ары күчөттү», - деп белгиленет баяндамада.

Көк - толук демократиялуу, көгүш - толук эмес демократиялуу, сары - гибрид режимдеги, кызгылт жана кызыл - авторитардык режимдеги мамлекеттер.
Көк - толук демократиялуу, көгүш - толук эмес демократиялуу, сары - гибрид режимдеги, кызгылт жана кызыл - авторитардык режимдеги мамлекеттер.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил партиялардын жеңип чыгышы нааразылыктарга себеп болгон. Тынчтык митингдери башаламандык менен коштолуп, бийликтин алмашуусу менен аяктаган. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

"Октябрь окуялары - демократиянын көрсөткүчү"


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева эл аралык рейтингдин жыйынтыгына макул эмес. Ал күздөгү бийлик алмашуунун өзүн демократиянын көрсөткүчү деп санайт:

«Тескерисинче, эл өз бийлигин тааныды. Бийлик элге таандык экенин калктын 80% тастыктады. Мындан ары алар бийликти бир топ саясатчылардын гана кызыкчылыгына колдонууга жол беришпейт. Ошондуктан президент Садыр Жапаров тышкы карыз, чек ара маселеси, экономиканы өнүктүрүү маселеси жана пандемияны жайгаруу менен гана алек болуп, демократияны сактайт деп ишенем».

Жарандык активист, PR адиси Азим Азимов болсо Кыргызстанда демократиянын артка кеткени тууралуу эл аралык индекстеги тыянакты бышыктайт. Ал жагдайды коррупция менен кримчөйрөнүн саясатка аралашып кеткенине байланыштырды:
Азим Азимов
Азим Азимов

«Биздин коомдо маселени укуктук-демократиялык жол менен эмес, коркутуу, күч менен чечкен учурлар бар. "Экономикабыз өнүкпөгөн болсо да, элибизде демократиялык маанай бар" деп мактана турган позициябыз бар эле. Бирок азыр андай маанай да азайып баратат».

Кыргызстан 1991-жылы СССРден бөлүнүп, эгемендик алгандан тартып эле демократиялуу өлкө катары сыпатталып келген. «Борбор Азиядагы демократия аралчасы» деп аталып, бийликти бир колго топтогон президенттерге каршы чыккан төңкөрүштөр менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурду. 2010-жылы чөлкөмдө алгачкылардан болуп парламенттик башкаруу системасына өткөн.

Андан бери дүйнөлүк аренада Кыргызстан өзүнүн татыктуу ордун таба албай жатканы айтылып келди. 2021-жылдын 10-январында Мамлекеттик башкаруу системасын тандаган референдумда жарандардын көбү президенттик башкарууну колдоп добуш беришти. Муну кайрадан бир адамдын башкаруусуна - авторитаризмге кадам катары баалагандар да чыкты.

Демократия саясат менен гана өлчөнбөйт


Жарандык активист Умай Арыкова Кыргызстандагы демократиянын көрсөткүчүн саясий жараяндар менен сөз эркиндигине гана байланыштыруу туура эмес деп эсептейт.

Умай Арыкова
Умай Арыкова

«Мисалы, медициналык маалыматтар жарандардын баарына жеткиликтүү эмес, кызмат көрсөтүү жаатында адамдардын укуктарын басмырлаган кемчиликтерге күнүмдүк турмушта дээрлик ар бирибиз туш болобуз. Андан тышкары бийликтеги гендердик теңдик маселеси, аялдардын укуктарынын корголушу боюнча да жоюлушу керек болгон көйгөйлөр бар. Айрым темаларды, мисалы, жыныстык тарбияны, тандоо эркиндигин ачык талкуулай албайбыз. Бул жаатта коом жабык. Эл арасында креативдүү же либерал көз караштар сындалып, консервативдик пикирлер колдоо табат. Бул деле демократиянын артка кетишинин бир себеби».

Эми кайрадан эл аралык рейтингге келсек. Дүйнөлүк демократия индекси “Толук демократиялуу”, “Толук эмес демократиялуу”, “Гибрид режимдеги” жана “Авторитардык режимдеги” мамлекеттер деп төрткө бөлүнгөн. Кыргызстан “Гибрид режимдеги” өлкөлөрдүн катарын толуктады. Баяндамада коронавирус пандемиясынын эркиндикке, демократияга тийгизген терс таасири белгиленген.

Норвегия, Исландия, Швеция, Жаңы Зеландия жана Канада демократиялуу мамлекеттердин сап башында. Ал эми көрсөткүчү эң начар беш өлкө – Чад, Сирия, Борбордук Африка Республикасы, Конго Демократиялык Республикасы жана Түндүк Корея.

Борбор Азиядан Казакстан 128-, Өзбекстан 157-, Тажикстан 159-, Түркмөнстан 162-орунда.

XS
SM
MD
LG