Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Бишкекте аялдардын шайлоодогу орду талкууланат


Шайлоодо добуш берип жаткан аял. Кыргызстан. Октябрь, 2015-жыл.
Шайлоодо добуш берип жаткан аял. Кыргызстан. Октябрь, 2015-жыл.

«Аялдардын шайлоодогу орду - тажрыйба жана жаңы чакырыктар» деп аталган онлайн талкуу бүгүн, 2-октябрда Бишкекте өтөт.

Иш-чараны «Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук фонду «Бир дүйнө» телефестивалынын алкагында өткөрүүдө.

Талкууда аялдардын добуш берүү укугунан тартып, шайлоого тең укуктуу катышына чейинки жол, аялдардын шайлоодогу жана чечим чыгаруудагы орду тууралуу сөз болот. Ошондой эле Кыргызстандагы аялдардын шайлоо жана шайлануу укуктары жөнүндө да маалымат берилет.

Мындан тышкары Беларустагы «Биздин үй» деп аталган жарандык демилгелер борборунун өкүлү Ольга Карач президенттик шайлоодон кийинки «Аялдар маршы» жөнүндө айтып берет.

Талкууга Германиядан «Тынчтык жана эркиндик үчүн аялдардын эл аралык лигасынын» жетекчиси Хайди Мейнцольт, Армениядан «Бүгүнкү демократия» уюмунун өкүлү Гүлнара Шахинян онлайн байланышат.

Иш-чарага жергиликтүү эксперттер, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышат.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, саясий партиялардын тизмесинде бир жыныстагы талапкерлер 70% ашпашы керек. Кыргызстандын шайлоолорунда 30% азчылыкты аялдар түзүп келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG