Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Еврокомиссия Венгрия менен Польшанын сот реформасын сынга алды


Европа комиссиясынын кеңсеси. Брюссел, Белгия.
Европа комиссиясынын кеңсеси. Брюссел, Белгия.

Европа Биримдигинин аткаруучу органы - Европа комиссиясы Венгрия менен Польшадагы өкмөт жүргүзгөн соттук реформаны сынга алды. Бул жөнүндө Евробиримдиктин өлкө жетекчилери Брюсселге эки күндүк саммитке чогулар алдында Еврокомиссия жарыялаган баяндамада айтылат. Анда Венгрия «сот системасынын көз каранды эместиги боюнча реформага таасир этүү олуттуу камтамачылык жаратканы», ал эми 2015-жылы Польшада башталган «сот реформасы карама-каршылыктардын негизги булагына айланганы» белгиленген.

Варшава менен Будапешт Европа Биримдигиндеги өнөктөштөрү менен кайым айтышып келет. ЕБ бул өлкөлөрдү «сот системасын, маалымат каражаттарын, өкмөттүк эмес уюмдарды жана илимий чөйрөнү көзөмөлгө алууга аракет кылат» деп сындап келген.

Венгриянын юстиция министри Юдит Варга Еврокомиссиянын акыркы баяндамасын четке кагып, «Фейсбуктагы» баракчасына «ката» жана «негизсиз» деп жооп кайтарды.

Еврокомиссия сот системасынын өз алдынчалыгын камсыз кылуу боюнча сынга алган өлкөлөрдүн арасында Болгария менен Румыния да бар.

XS
SM
MD
LG