Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

БШКнын жумушчу топтору Марат Аманкуловду шайлоо жарышында калтырууну сунуш кылышты


Марат Аманкулов.
Марат Аманкулов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) эки жумушчу тобунун 1-октябрдагы биргелешкен жыйынында «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловду шайлоодон четтетүү тууралуу активисттердин арызы каралды.

Үгүт эрежелеринин сакталышы жана арыздар, ошондой эле жарандарга маалымат берүү боюнча жумушчу топтор жыйын соңунда Аманкуловду талапкер катары калтыруу жана ага карата түшкөн арызды четке кагуу тууралуу БШКга сунуш киргизишти. Бул тууралуу БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Семетей Аманбеков «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, арыз берген активист Умай Арыкова «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин негизинде Аманкуловду шайлоодон четтетүүнү талап кылган. Бирок талапкердин сөзү жазылган видео быйыл февралда тартылганы белгилүү болгон.

Семетей Аманбеков парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталганын, ушундан улам Аманкуловго карата 28-беренени колдонууга болбой турганын айтты. Ал конституциялык мыйзамдын 46-беренесинде талапкерди тизмеден алуу боюнча жоболор бар экенин, Марат Аманкуловдун кадамы анын бирине да кирбей турганын кошумчалады. Жумушчу топтордун өкүлдөрү ушундай негизде активисттердин арызын четке кагуу жана Аманкуловду талапкерлер тизмесинде калтыруу боюнча БШКга эки сунуш берген.

Боршайком маселени качан карай турганы маалымдала элек.

Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видеотасма Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген. Анын сөзү коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жаратууда.

28-сентябрда Умай Арыкова баштаган жарандык активисттер «Биримдик» партиясын жана анын лидери Марат Аманкуловду парламенттик шайлоо жарышынан четтетүү тууралуу БШКга 150 кишинин колу коюлган арызды тапшырган.

Мунун алдында Бишкекте, Ошто, Караколдо нааразылык акциялары уюштурулуп, Аманкуловду жана ал жетектеген «Биримдик» партиясын парламенттик шайлоонун жарышынан четтетүү тууралуу талаптар коюлган. Ушундай эле демилгелер социалдык тармактар аркылуу да көтөрүлгөн.

Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасма тууралуу «атайын жасалган чагым» деп комментарий берген. Ал видео 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чарада тартылганын, анда айтканы контексттен суурулуп алынганын билдирген.

Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул жолугушуу былтыр жыл аягында эмес, быйыл февраль айында өткөнү тууралуу маалымат турат.

Бийликтин партиясы катары сыпатталып жаткан «Биримдик» парламенттик шайлоого катышууда. 4-октябрда өтө турган шайлоого жалпысынан 16 партия ат салышып жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG