Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

«Мекеним Кыргызстан» Өзгөндөгү окуяга тиешеси жок экенин билдирди


4-октябрда боло турган парламенттик шайлоонун логотиби.
4-октябрда боло турган парламенттик шайлоонун логотиби.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Ош облусунун Өзгөн районундагы кандуу окуяга тиешеси жок экенин билдирди. Партиянын өкүлү Элнура Алканова «Азаттыкка» бул окуяга партиянын атын аралаштырууну «чагым» катары сыпаттады:

«Биз өзүбүздүн үгүтчүлөр менен келишим түзгөнбүз. Расмий түрдө иштейбиз. Анын баары шайлоо фондунан төлөнгөн. Жергиликтүү штабдар менен байланышып, текшерүү жүргүздүк. Үгүтчүлөрдүн тизмесинен окуяга катышкан кишилерди таппадык».

29-сентябрда Өзгөндө эки кишинин мушташы адам өлүмү менен аяктаган. Интернетте тараган маалыматтарда шайлоого катышып жаткан эки партиянын эки үгүтчүсү пикир келишпестиктен улам мушташып кеткени кабарланган. Окуяда каза болгон адам «Республика», кылмышка шектүү «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчүсү деген кабар тараган.

«Республика» партиясы 1-октябрда кайрылуу таратып, «үгүт иштери башталгандан бери өлкөнүн айрым аймактарында партиянын тарапташтарын моралдык жана физикалык кысымга алуу, сабоо жана өлтүрүү фактылары аныкталды» деп билдирген. Өзгөн районунда партиянын тарапкери Замир Ормон уулу өлтүрүлгөнүн, бул кылмыш иши талаптагыдай иликтенбей, тиешелүү органдар тарабынан үй-бүлөлүк кылмыш катары көрсөтүлөт деген кооптонуу бар экенин белгилеген.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» чырдын шайлоого тиешеси жок экенин маалымдаган.

Кандуу окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия катышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG