Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

ТИМ:Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин аткарат


Тышкы иштер министрлиги.
Тышкы иштер министрлиги.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 7-ноябрда Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну толук калыбына келтирүү жана улантуу үчүн жигердүү сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды улантып жатканын билдирди.

ТИМ тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстан буга чейин тараптар менен макулдашып, кол коюлган бардык келишимдерди так аткарат. Анын ичинде инвесторлордун укугун коргоо, өлкө ичиндеги чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугу сакталары айтылат.

Ошондой эле мекеме өлкө ичинде стабилдүүлүктү, демократия, парламентаризм жана адам укугун сактоо аракеттери көрүлүп жатканын кабарлады.

4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги башаламандыкка айланып, өлкөдө бийлик алмашкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG