Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Карчыгаев лобби келишими тууралуу түшүндүрмө берди


Садыр Жапаров Кочкордо. 2020-жылдын 25-октябры.
Садыр Жапаров Кочкордо. 2020-жылдын 25-октябры.

Канадада жайгашкан лобби жасоочу компания менен премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун атынан келишимге кол койгон «Ренессанс» агрардык өндүрүш корпорациясынын негиздөөчүсү Абдыманап Карчыгаев эл аралык консалтинг компаниясы менен жеке өзү келишим түзгөнүн билдирди.

Улуттук «Кабар» маалымат агенттигинде басма сөз жыйын өткөрүп, Карчыгаев «Журналисттер чымындан пил жасап жатышат. Бул келишим 2-сентябрда эле түзүлгөн. Ал маалда Садыр Жапаров өлкө башында эмес болчу. Түрмөдө эле. Анан кантип аны менен байланышы болсун?» - деп колундагы бир катар документтерди, анын ичинде «Ренессанс» корпорациясы менен «Dickens&Madson Canada» компаниясынын ортосунда 2-сентябрда түзүлгөн келишимди көрсөттү.

Карчыгаев өлкөгө сырттан инвестиция алып келиш үчүн бул компанияны жеке өзү жалдаганын айтып: «Жакын арада төрт миллиард доллар инвестиция алып келем. Сырткы карыздан кутултабыз. Жаңы ооруканалар салынат. Коронавирус менен күрөшүүгө акча бөлүнөт. Бирок мунун баарын мен өзүм аткарам, бийликтегилер болгону консалтинг компания тапкан Жакынкы Чыгыштагы чоң кызматтагылар менен жолугушуп, макулдашып турат», - деди.

Журналисттердин: «500 миң доллар акчаны кайдан таптыңыз жана миллиондун калган жарымын кантип төлөйсүз?» - деген суроосуна Карчыгаев: «Ал силердин ишиңер эмес. Мага акча берген досторум бар», - деп жооп кайтарды. Карчыгаев бул басма сөз жыйынын президенттик аппараттагылар уюштурганын маалымдады.

Эл аралык «Foreign Lobby Report» агенттиги Кыргызстандын жаңы бийлиги башка өлкөлөрдөн жардам алыш үчүн «Dickens&Madson Canada» компаниясы менен келишим түзгөнүн жазды.

Басылма чет элдик фирма израилдик экс-чалгынчыга караштуу экенин, ал АКШ менен Жакынкы Чыгышта президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кызыкчылыгын коргош үчүн бир миллион доллар алары белгиленет.

Президенттин басма сөз кызматы миллион доллардык келишимге Садыр Жапаровдун тиешеси жок экенин 5-ноябрда «Азаттыкка» билдирген. Анткен менен АКШнын Юстиция министрлигинин расмий сайтында бул келишимдин түп нускасы электрондук версияда турат. Бирок Карчыгаев аны «жасалма» деп танууда.

Эл аралык «Foreign Lobby Report» агенттиги жарыялаган келишимде ага 2020-жылдын 30-октябрында кол коюлганы жазылган.(BCh)

XS
SM
MD
LG