Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланды


Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган өкмөт өкүлдөрү менен (сол жакта) Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев (оң жакта) баштаган делегациянын жолугушуусу. 2020-жыл, 5-ноябрь. Ташкент.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган өкмөт өкүлдөрү менен (сол жакта) Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев (оң жакта) баштаган делегациянын жолугушуусу. 2020-жыл, 5-ноябрь. Ташкент.

Ташкентте иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди 5-ноябрда өзбек премьер-министри Абдулла Арипов кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Казакбаев жолугушууда Кыргызстан буга чейин макулдашылган бардык эл аралык келишимдерди аткарууга даяр экенин белгиледи.

Эки тарап саясий, экономикалык, маданий жана суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады. Ошондой эле «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорунун маанисин белгилешип, чек ара аймактарындагы логистикалык борборлордун курулушу жана гидроэнергетикалык тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө сүйлөштү.

Арипов Өзбекстан Кыргызстандагы реформаларды колдоого, экономиканы өнүгүшүүгө көмөктөшүү үчүн техникалык-каржылык жактан жардам берүүгө жана COVID-19 менен күрөшүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Руслан Казакбаев президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун кызматка киришкенин биринчилерден болуп куттуктаганы үчүн Ариповго ыраазычылыгын билдирди. Куттуктоо бир тууган элдин жылуу кадамы катары бааланарын айтты.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митингинен кийин өлкөдө бийлик алмашкан.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен расмий түрдө азырынча Өзбекстандын гана өкмөт башчысы куттуктады. (TSh)

XS
SM
MD
LG