Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Келерки дем алыш төрт күн уланат


«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси.
«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси.

Алдыдагы дем алыш күндөрү Кыргызстанда төрт күнгө созулат. 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп 2017-жылы жарыяланган. Быйыл бул күндөр ишемби жана жекшембиге туш келгендиктен 9-10-ноябрь да дем алыш болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

«Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө» мыйзамдын максаты - 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана трагедиялуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, Совет доорундагы өнүгүү сабактарына жана мурастарына, XX кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине обьективдүү тарыхый баа берүү экени айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG