Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

7-8-ноябрь дем алыш деп жарыяланды


Ата-Бейит.
Ата-Бейит.

Кыргызстанда 7 жана 8-ноябрь мындан ары дем алыш күндөрү болот. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Анда 7- жана 8-ноябрь - "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" катары дем алыш болуп аныкталды.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, мыйзамдын максаты - 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана трагедиялуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, Совет доорундагы өнүгүү сабактарына жана мурастарына, XX кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине обьективдүү тарыхый баа берүү.

7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо тууралуу жарлыкты президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда чыгарган.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын айрым депутаттары Кыргызстанда 7-ноябрь - Октябрь революциясын майрамдоо күнүнүн ордуна Орус империясына каршы көтөрүлүштүн жана Совет маалындагы репрессия курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленмей болуп жатканын сындап айтып чыгышкан.

Орус парламентинин вице-спикери Игорь Лебедев Кыргызстанда орус империясына каршы көтөрүлүштү майрамдоону "бетке чапкандай кадам" деп баалаган. Ага жооп иретинде Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын айдоочулук күбөлүгүн таануу тууралуу мыйзамды жокко чыгаруунун долбоорун иштеп чыгып, Мамдумага сунуш кылып жатканын билдирген.

Орусиянын өзүндө да 1917-жылдагы ыңкылаптарга жаңыча баа берүү талабын президент Владимир Путин жана башка саясатчылар байма-бай айтып келет. 1991-жылы ал кездеги Ленинград шаарына "Санкт-Петербург" тарыхый аталышы кайтарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG