Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Коронавирус 439 кишиден жаңыдан табылып, дагы үч кишинин өмүрүн алды


Коронавирус баш калаа Бишкекте көп катталууда.
Коронавирус баш калаа Бишкекте көп катталууда.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 6-ноябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония дагы үч кишинин өмүрүн алды. Каза болгондордун баары Бишкек шаарында катталды. Вирус 439 кишиден лабораториялык жол менен расмий аныкталды.

Бир суткада коронавирус расмий аныкталгандар боюнча Бишкек шаары алдыга чыкты. Баш калаада 118 кишиден илдет табылды. Андан кийин Жалал-Абад облусунда – 108, Ош облусунда - 77, Чүйдө – 57, Баткен облусунда - 86, Ысык-Көл облусунда – 23, Ош - 33, Талас облусунда сегиз, Нарын облусунда эки кишиден вирус аныкталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1170 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 61 748 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 52 855 адам. Учурда 3 478 бейтап стационарларда, 3 615 киши үй шартында дарыланууда.

6-ноябрда дагы бир медицина кызматкерине коронавирус жуккан учур аныкталды. Ошону менен пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медиктердин жалпы саны 3 635 кишиге жетти, алардын ичинен 3398 медкызматкер айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG