Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку жетекчиси кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, кармалган шектүү «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамды бузган, башкача айтканда жалпы суммасы 70 миллион сомго жакын бала бакча курууда пайдасыз келишимдерди түзгөн.

Кармалган жарандын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда 6-ноябрда каралат.

Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы коммуникация, жол, жаңы конуштардагы имараттардын салынышы жана инфратүзүмдү өнүктүрүү багытында иш алып барат. (TSh)

XS
SM
MD
LG