Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:41

Кыргызстандагы кымбатчылыктын беш себеби


Базарда азык-түлүк ташып бараткан соодагер. Кыргызстан. (Иллюстрациялык сүрөт)

Кыргызстанда соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо башталды. Анын ичинде азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50%га чейин кымбаттап кетти. «Элдик экономика» түрмөгүндө кымбатчылыктын себептери талданды.

Таңкыстык жана суроо-талап

Арийне, экономикадагы азыркы көйгөйлөрдүн көбү коронавирус пандемиясы менен байланыштуу. Анын ичинде соңку кымбатчылыктын төркүнү да 2020-жылдын башына барып такалат. Маселенин жөнүн мындайча чечмелейли.

Баарыбыз билгендей, Кытайдын Ухань шаарында вирус табылары менен алгач бул өлкөнүн өзү, кийин башка мамлекеттер чек араларын жапкан. Анын ичинде Кыргызстан да Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон өткөрмө бекеттерине чектөө койду.

Натыйжада дүйнөдө жарандардын каттоосу эле эмес, товарларды алып-сатуу жана ташуу да чектелип турду. Жыл ортологондо мамлекеттер ортосундагы карым-катыш аз-маз жандангансыды, бирок чек аралар толук ачылган жок. Жыйынтыгында өз ара соода жүгүртүү кескин төмөндөдү. Кыргызстандын да импорту кыйла кем чыкты.

Улуттук статистика комитетинин өкүлү Асел Акматалиева Кыргызстанга ташылып келген товарлардын соңку эки жылдык көрсөткүчүн салыштырып берди:

Асел Акматалиева.
Асел Акматалиева.

«Кыргызстан 2019-жылы башка өлкөлөрдөн жалпы 4 млрд. 989 млн. долларлык товар импорттоп келген болсо, 2020-жылы импорттук көрсөткүч 3 млрд. 684 млн. долларды түздү. Башкача айтканда, чет жактан ташылып келген товарлар былтыр дээрлик 26,2%га кыскарды же мурдагы жылга салыштырмалуу 1 млрд. 304 млн. 905 миң долларга аз товар алып келинди».

Элестетсеңиз, коронавирустун айынан кыргыз жергесине чет жактан бир жылда 1 млрд. 305 млн. долларлык товар келбей калып жатат.

Эгер деталдуу алсак, мунун 1 млрд. долларга жакыны Кытайдан, 150 млн. долларга жакыны Казакстандан, 100 млн. долларга жакыны Орусиядан келбей калган. Калганы башка өлкөлөргө туура келет.

Кыргызстан Кытайдан эң ириде электр жабдууларын, байланыш, механикалык каражаттарды жана алардын тетиктерин, булгаары, желим, кездемелерди жана башка буюмдарды алат. Орусия менен Казакстандан азык-түлүктөрдү, күйүүчү май жана башка күнүмдүк керектелүүчү нерселерди ташычу. Демек, мына ушулар азыраак келди жана өлкөдө дал ошол товарлардын тартыштыгы жаралды десек болот.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров буларга токтолду:

Шухрат Сабиров.
Шухрат Сабиров.

«Биз мөмө-жемиштерден сырткары көпчүлүк товарларга келгенде импортко көз карандыбыз. Маселен, ошол эле өсүмдүк майдын 15% гана өзүбүз өндүрөбүз, 85% сырттан алып келебиз. Жумуртканын жарымынан көбүн импорт кылабыз. Буудай-ун, кумшекерди ошентип башка өлкөлөрдөн алып келгенге мажбурбуз. Айтылган товарлардын бардыгы биржалык товарлар. Бул дегени наркы дүйнөлүк биржаларда аныкталат жана алардын кымбаттоосу азыр бүткүл дүйнөлүк масштабда болуп жатат дегенди түшүндүрөт. Орусия менен Казакстандагы өндүрүүчүлөр ал товарларга ушул бааларды коюп, рынокко чыгарып жатышат. Маселен, Орусияда, Түркияда былтыр кургакчылыктан жана пандемиядан улам күнкараманын өндүрүлгөн көлөмү таптакыр аз болуптур. Натыйжада май да аз болуп, биржада баасы 40-50% өскөн. Же ошол эле күйүүчү майга Орусиянын өзүндө таңкыстык болуп жатыптыр. Себеби, Европада бензин кымбаттаганга орус компаниялары аны ошол жакка көп жөнөтүп жатат экен».

Ушул эле пандемиядан улам Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча былтыр Кыргызстандын экономикасы жалпысынан 8,6% төмөндөгөнүн билебиз. Анын ичинде өндүрүш 6,6% кыскарган.

Дагы да тагыраак айтсак, өлкөдө 2020-жылы күйүүчү май 59,3%га, текстил, кийим-кече жана бут кийим, булгары жана булгарыдан жасалган буюмдар 21,5%га аз өндүрүлгөн.

Жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык каражаттар 13,2%, резина жана пластмассадан жасалган буюмдар жана металл эмес минералдык азыктар 7,0%, азык-түлүк (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары 6,6%, темир жана темирден жасалган буюмдар (машина жабдууларын кошпогондо) 4,4%, жер астынан казылган баалуу металлдар 22,4% кем чыгарылган.

Береги жагдай 2020-жылы Кыргызстандын рыногунда атамекендик ишканалар өндүргөн товарлар да сезилерлик көлөмдө кыскарганын көрсөтүүдө. Бул да кайрадан эле кайсы бир товарлардын тартыштыгын жаратты.

Экономиканын мыйзамдарына ылайык, дефицит бул – кымбатчылыктын бир булагы болуп саналат. Жөнөкөйлөп айтканда, кайсы товар тартыш болсо, таңкыстык жаралса, анын баасы көтөрүлө баштайт. Мына ушуга байланган экинчи себеп бул - муктаждыктын же суроо-талаптын (спрос) өсүшү.

Экономист Сейдалы Мырзакматов мындай деди:

Азык-түлүк.
Азык-түлүк.

«Жарандар мурда канча айлык алса, азыр деле ошол сумманы алып жатат да. Маянасы көбөйгөн жок. Бирок кризис болуп жаткандыктан, башка кирешелери дээрлик токтоп калгандан улам ал эң керектүү гана азыктарын алганга өттү. Кафе-ресторанга, киного барганды, транспортту азайтат, кымбат кийимдерди албай турат. Бирок каатчылыкта анын баарын токтотот да, болгону тамак-ашка гана акча жумшап турат. Мурда 100 сомун ушунун баарына жеткирип турса, азыр керектүү гана нерселерге жумшайт. Кымбат нерселердин ордун арзаныраак, негизги азыктар, картөшкө, пияз, кумшекер сыяктуу нерселер менен толуктап турат. Аны да жылда алгандан көбүрөөк ала баштайт. Натыйжада куду ушул товарларга суроо-талап көбөйөт да, алардын баасы өсүп кетет. Картөшкө, эт өзүбүздө эле бар, бирок эмнеге кымбаттап кетти? Анткени элде андан башка жей турган нерсеси жок. Мунун натыйжасында азык-түлүктөрдү өндүргөндөр, аны сырттан алып келип дүң саткандар көп пайда табат. Капитализмдин мыйзамы ушул - бири кедейленген учурда, экинчиси байыйт. Мындай кырдаалда жанагындай кийим-кечек, же тынч заманда керектелчү арак-шарап, кургатылган жер-жемиш, шоколад, конфет, кофе же ушул сыяктуу экинчи пландагы нерселер кымбаттабайт. Буларды жебей-ичпей туруп турсаң болот, бирок нан жебей жашай албайсың да».

2020-жылы азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу Казакстан малды сыртка сатууга тыюу салган, алардын эң башкы кардары Өзбекстан менен Тажикстанда эт тартыштыгы жаралат. Коңшуларда эттин баасы көтөрүлгөндө алар Кыргызстандан мал-жандыкты ташууну күчөтөт, натыйжада кыргыз жергесинде да эттин наркы өсөт.

Валюталык курс, өздүк нарк жана чайкоочулук

Нарктын өскөнүнө үчүнчү себеп катары улуттук валюта – сомдун абалын белгилесек болот.

2020-жылдын 1-январында расмий курска ылайык 1 АКШ доллары кыргыздын 69 сом 51 тыйыны болгон. Апрель айларында ал 84 сомго чыгып, июнь-июль айларында 74-75ке ылдыйлаган. Ноябрда кайра 85 сомго чукулдап, декабрда 82 сом менен жыйынтыкталган. 2021-жылдын январь айында америкалык валюта кайрадан көтөрүлдү. Ушул күндөрү анын расмий наркы 84 сом 79-80 тыйындын тегерегинде кармалып турат.

Айталы, мурда сырттан келчү бир товар 5 доллар турса, ал учурда 70 сомдук курс менен 350 сом болчу. Азыр болсо ушул эле товар 85 сомдук курс менен санаганда 425 сомго бааланып калып атпайбы.

10 долларлык товар 700 сомдон 850 сомго, 100 долларлык товар 7000 сомдон 8500 сомго көтөрүлүп жатат. Калганы да ушинтип кете берет жана ушул жагдай да сырттан келген товарларды кымбатташына алып келүүдө.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабировду кайрадан кепке тарталы:

Сом менен башка валюталардын курсу.
Сом менен башка валюталардын курсу.

«Улуттук валюта девальвация болуп, 10-15 сомго арзандады, же 20-22% күчүн жоготту. Сырттан товар алып келчү биздеги бардык компаниялар келишимдерин жалаң доллар менен түзүшөт. Демек, алар сомго алганда мурдагыдан кымбат баага сатып алышууда. Ошондуктан доллар көтөрүлүп кеткендигинин кесепетинен дагы акыркы бир жылда узун тизмек товарлар кымбаттап кетти»,-деди ал.

Кымбатчылыктын төртүнчү себеби да мына ушул доллар менен байланыштуу десе болот. Тагыраагы сырттан чийки зат же материал кымбат келсе, ташып келүү чыгымы арбыса, кошумча өндүрүштүк чыгашалар көбөйсө, кайра иштетилген товардын өздүк наркы көтөрүлөт. Башкача айтканда өндүрүшчү бардык чыгымдарын өндүргөн товарынын баасына кошот.

Маселен, буудай-ун кымбаттагандан - нандын наркы, ал эми кездеменин баасы кымбаттагандан - кийим-кечектин наркы, кант кызылчасы - кымбаттагандан кумшекердин наркы көтөрүлүшү мүмкүн. Бул жагдай чынжырча сыяктуу улана берет.

Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев «Азаттыкка» мындай пикирин билдирди:

Бакыт Дегенбаев.
Бакыт Дегенбаев.

«Мисалы, кадимки өзүбүз өндүргөн балды алсак 40% чейин, кээ бир жерде 70-80%га чейин кымбаттады. Биринчиден, былтыр апрель-май айларында аарылар жаңы учуп баштаганда күн жаанчыл болуп туруп алды. Натыйжада аарылар бал чогулта албай калды. Ага кошумча - балчылар даярдык иштерин, балды жыйноо иштерин пандемияга, өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал шарттарына байланыштуу убагында аткара албай калышты. Натыйжа өндүрүш 50% кыскарып кетти. Мындан сырткары аарылардын үй-бүлөсүн ишкерлер сырттан алып келишет да, анткени бизде аларды төлдөтүп, чыгара алышпайт. Ошондо аарынын бир ууч үй-бүлөсүн мурда 1200-1500 сомдон алышса, азыр 3000 сомго чыккан. Мына ушунун баары балчыларды өз продуктусунун наркын көтөрүүгө аргасыз кылды да. А мындай чыгымдар дээрлик көпчүлүк өндүрүштөрдө катталды».

Адатта, социалдык маанилүү азык-түлүктөр жана товарлар топтому кымбаттай түшкөндө ал башка нерселердин да баасына таасир этет. Анткени бир товарды кымбат алган колдонуучу өзү өндүргөн товарын да көтөрүүгө аргасыз болот.

Ошол эле убакта ири пайдага туйтунуу максатында ортомчулар же чайкоочулар кайсы бир товарларды жасалма түрдө көтөрүп жиберген учурлары да бар. Өзгөчө былтыр карантин учурунда ун кескин кымбаттап кеткени буга мисал. Муну адистер кызыл кулактык же спекуляция деп атап коюшат.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик мындай аракеттерди көзөмөлдөп турарын билдирет. Бирок биз баары бир мына ушул жагдайды учурдагы кымбаттоолордун бешинчи себеби катары көрсөткүбүз келет.

Кымбаттоону басаңдатуу чарасы

Улуттук банктын эсебинде, 2020-жылы Кыргызстанда инфляция 9,7% чыкты. Бирок айрым товарлар жыл ичинде 50% чейин кымбаттады.

Улуттук статистика комитети кабарлагандай, бир жылда өсүмдүк майы - 54,6%, картөшкө - 46,3%, жумуртка - 35,4%, эт - 27,5%, ун - 16,5% кымбаттап, мындан тышкары сүт, тооктун эти, алкоголсуз суусундуктардын баасы да жогорулаган. Нандын баасы 5,2% көтөрүлдү.

2021-жылдын 25-февралына карата абалы боюнча кумшекерге болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 59,93 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18,87 сомго же 46% кымбаттаганын көрсөттү.

Мурдагы экономика министри Жеңишбек Байгуттиев мындай оюн бөлүштү:

Жеңишбек Байгуттиев.
Жеңишбек Байгуттиев.

«Кыргызстанда 120 продуктунун ичинен 117синин баасы өстү. Мунун баары биздин азык-түлүк коопсуздугубуз начар экенин көрсөтөт. Себеби бул багытта жарытылуу иш жүргүзүлгөн жок. Эгемендик алган 30 жыл ичинде жакшы иш алып баратабыз деп айтыш кыйын. Азыр дыйкандардын товарын алып, соода желеси аркылуу минималдуу үстөк коюп сатып турсак, бааны бир калыпта кармап турсак болот. Бирок азык-түлүк коопсуздугун толук кандуу камсыздайбыз десек, анда көп товарларды өзүбүздө өндүрүүнү колго алышыбыз керек».

Азык-түлүк коопсуздугу дегенде адатта дароо буудай, же ун эске келет. Расмий маалыматтарда Кыргызстандын ун азыктарын керектөөсү жылына 600-650 миң тонна деп белгиленсе, расмий эмес эсептерде ал 1-1,5 млн. тоннага чейин жетери айтылат.

Кыргыз базарын кымбатчылык басты
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:40 0:00

Бирок өлкө мунун аз эле бөлүгүн өзү өндүрүп, көбүн сырттан, көбүнчө Казакстандан жана Орусиядан сатып алып келет. Бул деген сөз аталган товардын кымбаттап кетүүсүнө карата тобокелчилик ар дайым сакталып турат дегенди түшүндүрөт.

Экономика боюнча серепчи Мирланбек Убайдуллаев муну жана жалпы эле кымбаттоону басаңдатуу үчүн кескин чаралар зарыл деп эсептейт:

Мирланбек Убайдуллаев.
Мирланбек Убайдуллаев.

«Айыл чарба азыктары боюнча кымбатчылыкты кантип чечебиз? Мунун эки жолу бар. Биринчиси, мамлекет Айыл чарба министрлигинин атынан колдоо көрсөтүшү керек. Жаз айларында дыйкан-фермерлердин күзгү түшүмүн алдын ала сатып алышы керек, же арзан күйүүчү май, жер семирткичи, үрөндөрдү таратышы зарыл. Бирок ага Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жок, болсо дагы аз. Экинчиси, сырткы өнөктөштөр, Орусия, Казакстан, мүмкүнчүлүк болсо Өзбекстан менен азык-түлүк боюнча келишимдерди түзүш керек. Буудай-ун, эт-сүт жана башка азыктарын алардан үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүбүз кажет. Анткени биз канчалык айыл чарбасын өнүктүрбөйлү, биздин ички резерв калкты толук кандуу камсыз кылууга жетпейт».

Жыл жаңыргандан бери Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 14 пайызга, башкача айтканда 10 сомго кымбаттады. Мунай сатуучулар баанын көтөрүлүшү Орусиядан көз каранды болуп жатканын билдирүүдө.

Азыр Бишкектеги бензин сатуучу жайларда АИ-95 бензини 42 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 30 тыйын, АИ-80 36 сом 90 тыйын болууда. Дизелдин бир литри 38 сом 90 тыйындан сатылып жатат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG